Назира Абдиева

Бийлик органдарынын бухгалтердик эсептерин жарандарга ачык көрсөткөн маалыматтык система ишке кирди

Бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү аркылуу каржыны башкаруунун сапатын жогорулатуу үчүн «КРнын бюджеттик мекемелеринин финансы-чарбалык ишинин борборлоштурулган эсеби» маалыматтык системасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. 2023-жылдын январь айынан баштап он мекеме: КР Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Айыл чарба министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Финасы министрлигинин Мамлекеттик бажы

Жогорку Кеңеш 20 млн сомго мамлекеттик сатып алууларды жарыялады

Жогорку Кеңеш жалпысынан 20 млн 84 миң сомдук товар алууну көздөөдө. Бул маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталынын расмий сайтында жарыяланды. Белгиленгендей, парламент кеңсе эмеректерин, тиричилик буюмдарын жана видеомонтаждоо жана онлайн көрсөтүү үчүн программалык камсыздоону сатып алууну көздөөдө. Буга жалпысынан 8 млн 222 миң сом сарптоо пландалууда. Ошондой эле 6.4

Кыргызстандын тышкы карызын жабууга ачылган депозиттик эсепке 31.5 млн сом түштү

Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казынасы атайын депозиттик эсеп ачкан. Тышкы карызды тейлөө үчүн № 44010011030000253 депозиттик эсебине жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары түшөт. Министрликтин маалымат кызматынын билдиргенине таянсак, 2023-жылдын 20-февралына карата эсептеги каражат 31 млн 532 сомду түздү. Өткөн жылы кыргызстандыктар 204 млрд сомдук кредит

Мамлекеттик мекемелер бир жылда 62 млрд сомго товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алышты

2022-жылдын ичинде Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына ылайык, сатып алуучу уюмдар жалпы суммасы 71.9 млрд сомго 135 миң 697 товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алууларды жарыялашкан. Финансы министрлигинин берген маалыматына ылайык, андан 62.6 млрд сомго 101 миң 838 сатып алуу ийгиликтүү аяктаган. Анын ичинен: * товарлар – 30.

Экономика

Өткөн жылы кыргызстандыктар 204 млрд сомдук кредит алышты - беш жылда 60%га өстү

Өткөн жылы жарандардын кредит портфелинин көлөмү 204 млрд сомго жеткен. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча кредит портфелинин жалпы көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу 76.1 млрд сомго же 59.5%га өскөн. Банк кардарларынын мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын үлүшү 5.5 млрд сомду же 2.7%ды түздү. Бир

Кыргызстан Россиядагы онлайн-дүкөндөргө товар жөнөткөн алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди

2022-жылдын аягында Кыргызстан биринчи жолу россиялык интернет-дүкөндөргө товарларды жөнөткөн алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу “Коммерсантъ” басылмасы жазып чыкты. Маркетплейске товарларды жеткирген биринчи беш өлкөнүн катарына Кыргызстан менен бирге Беларусь да кирди. Россиялык интернет сайттарда иштеген сатуучулар өткөн жылы бул эки өлкөдөн товарларды көп сатып ала башташканын “Коммерсантъ” «Точка»

Гранттар жана кредиттер

Ислам өнүктүрүү банкы Суусамыр - Талас - Тараз жолун реконструкциялоого 50 млн доллар бөлөт

Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоого 50 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, оңдоо иштери Талас шаарынын батыш чек арасынан Казакстан менен чектеш Кичи-Капка постуна чейин жүрмөкчү. Реконструкциялоочу участоктун узундугу 93 километрди түзөт. Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоонун

Экономика министрлигинде документ жүгүртүү 218%га өстү

2022-жылы Экономика министрлигинде документ жүгүртүү 114.6 бирдикти түздү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 218%га көбөйгөн. Бул тууралуу жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жыйынында министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, президенттин администрациясынан 11 миң 247 документ, анын ичинде мыйзамдар, жарлыктар, буйруктар келип түшкөн. 2021-жылга салыштырмалуу +8402 документке

Россиянын дагы эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдуктары ачылат

Санкт-Петербургда жана Казань шаарларында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылат. Россиянын өкмөтү КР Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү сунушун жактырганын россиялык басылмалар билдиришти. Маалым болгондой, Санкт-Петербургдагы Башкы консулдукка Карелия, Коми, Архангельск, Вологда, Калининград, Мурманск, Новгород, Псков жана Ленинград облустарынын тургундары кайрылса болот. Казандагы консулдук болсо Татарстан, Башкырстан, Мари Эл, Мордовия, Удмуртия, Чувашия жана

«Нарын» аэропортунун аэродромунун элементтерин жаңылоо иштери пландалууда

2022-жылы “Нарын” аэропортунун аэродромунун элементтерин жаңылоо иштери пландалууда. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында белгилүү болду. Минкабдын маалымат кызматынын билдиришинче, Жапаров Нарын шаарындагы саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин курулушу менен таанышкан. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 2023-жылдын II кварталы. “Ошондой эле үстүбүздөгү

Улуттук банктын кирешеси январь айында эки эсе кыскарды

2023-жылдын январында Улуттук банктын кирешеси өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу (3.1 млрд сом) эки эседен ашык азайып, 1.3 млрд сомду түздү. Маалыматтар регулятордун сайтында жарыяланды. Улуттук банктын активдери 397.6 млрд сомду түздү (2022-жылдын январына карата дээрлик 100 млрд сомго өскөн). Милдеттенмелер 334.6 млрд сом (+97.2

КР менен ӨР «Достук-Дустлик» өткөрүү пункттарында «Электрондук кезек» системасын киргизүүнү көздөөдө

Кыргызстан менен Өзбекстан «Достук» жана «Дустлик» көзөмөл-өткөрүү пункттарында «Электрондук кезек» системасын киргизүүнү көздөөдө. Бул пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, Борбор Азияда биринчи жолу болуп кала тургандыгын Экономика министрлиги билдирди. 17-18-февраль күндөрү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Достук” – “Дустлик” көзөмөл өткөрүү пунктунда КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы