Россиянын дагы эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдуктары ачылат

Россиянын дагы эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдуктары ачылат

Санкт-Петербургда жана Казань шаарларында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылат. Россиянын өкмөтү КР Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү сунушун жактырганын россиялык басылмалар билдиришти.

Маалым болгондой, Санкт-Петербургдагы Башкы консулдукка Карелия, Коми, Архангельск, Вологда, Калининград, Мурманск, Новгород, Псков жана Ленинград облустарынын тургундары кайрылса болот.

Казандагы консулдук болсо Татарстан, Башкырстан, Мари Эл, Мордовия, Удмуртия, Чувашия жана Ульяновск облусунун аймактарына жооптуу болот.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын эки башкы консулдугу Россияда — Новосибирск жана Екатеринбургда шаарларында иштешет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги №91 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулууда

Бишкектеги №91 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушундагы №91 мектепке кошумча окуу корпусу салынып жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери быйыл март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоор боюнча жалпы аянты 8234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат курулат. Жаңы корпуста заманбап окуу класстары,

Казакстанда дагы бир тилге расмий макам берилиши күтүлүүдө

Казакстанда дагы бир тилге расмий макам берилиши күтүлүүдө

Казакстанда жаңдоо тилине расмий статус берүү маселеси каралууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Мажилистин жумушчу тобу колдоду. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өлкөдө угуу жана сүйлөөсүнөн мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миңден ашуун адам жашайт. Алардын 5 миңге жакыны жаш балдар. Көпчүлүгү үчүн жаңдоо тили негизги байланыш каражаты болуп саналат, бирок

Айт намазы эски аянтта окулат

Айт намазы эски аянтта окулат

27-майда айт намазы баш калаадагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Айт намаздын тартиби: 06:30-07:15 – баяндар 07:15-07:25 – казынын, мамлекеттик кызматкерлердин жана имамдардын чыгып сүйлөөсү 07:25-07:30 – Айт намазын окуу тартибин түшүндүрүү 07:30-07:50 – Айт намаз Кыргызстандын экономика, бизнес,

Кыргызстанда акыркы 3 жылда 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Кыргызстанда акыркы 3 жылда 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов органдардын донорлугу жана трансплантациясы боюнча эл аралык симпозиумга катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага 10дон ашуун өлкөнүн окумуштуулары жана дарыгерлери чогулду. Улан Маматканов өз сөзүндө трансплантология тармагын өнүктүрүү заманбап технологиялардын жана эл аралык тажрыйбанын негизинде адамдардын өмүрүн сактап калууга чоң