Өткөн жылы кыргызстандыктар 204 млрд сомдук кредит алышты - беш жылда 60%га өстү

Өткөн жылы кыргызстандыктар 204 млрд сомдук кредит алышты - беш жылда 60%га өстү

Өткөн жылы жарандардын кредит портфелинин көлөмү 204 млрд сомго жеткен. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча кредит портфелинин жалпы көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу 76.1 млрд сомго же 59.5%га өскөн.

Банк кардарларынын мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын үлүшү 5.5 млрд сомду же 2.7%ды түздү.

Бир убакыттын акырына карата банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү:

  • 2022-жылга карата 204 млрд сомду түздү
  • 2021-жылга карата 181.8 млрд сомду түздү
  • 2020-жылга карата 162.6 млрд сомду түздү
  • 2019-жылга карата 146.4 млрд сомду түздү
  • 2018-жылга карата 127.9 млрд сомду түздү.

Өткөн жылы кыргызстандыктар эң көп кредитти соода жана айыл чарба тармагына алышкан

Ипотекалык насыя алууда эмнелерге көңүл буруу зарыл?

Кыргызстанда быйыл 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда

Мындан тышкары окуңуз

Кырчын жайлоосунун жолуна асфальт төшөлүүдө

Кырчын жайлоосунун жолуна асфальт төшөлүүдө

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка – Көл ­– Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырым тилкесинде учурда жолдун негизин даярдоо жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, анын алкагында Семёновка – Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка – Көл­

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш министрлигинин алдындагы “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы 7,5 гектар болгон эс алуу багы жаңыланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңылоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, быйылкы жылдын февраль айында башталган. Учурда аймакта тамактануу жайларынын курулушу жүрүп жатат. Долбоордун алкагында паркка 12 жаңы

Бишкек мэри: маселе самокатта эмес, аны колдонуу маданиятында

Бишкек мэри: маселе самокатта эмес, аны колдонуу маданиятында

Эгерде Бишкек шаарында электр чыгырыктарынын көйгөйү жөнгө салынбаса, мэрия шаардагы тартип жана тургундардын саламаттыгы үчүн алардын жүрүшүнө тыюу салышы күтүлөт.  Мындай пикирин шаар башчы Айбек Джунушалиев билдирди. Анын айтымында, электр чыгырыгы менен велосипедди колдонууга байланышкан түшүндүрүү иштери коомдо жетишсиз болуп жатат. Андыктан шаарда бир самокатка эки адам минип жүргөн же

Бишкекте мыйзамдуу жана коопсуз миграция маселелери боюнча борбор ачылды

Бишкекте мыйзамдуу жана коопсуз миграция маселелери боюнча борбор ачылды

22-майда Бишкек шаарында Европа Биримдигинин колдоосу менен Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан “PROTECT” долбоорунун алкагында түзүлгөн экинчи Мигранттар үчүн ресурстук борбордун ачылышы болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке