Кыргызстандык 15 спортчу Эл аралык Олимпиада комитетинен айына 500 доллардык стипендия алат
Олимпиадалык спорт түрлөрүнө катышкан 15 алдыңкы кыргызстандык спортчу Эл аралык Олимпиада комитетинен ай сайын стипендия алмакчы. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети билдирди. КР УОКтун маалыматы боюнча, стипендия 2022-жылдын 1-майынан 2024-жылдын 31-августуна чейин төлөнөт. Спортчулар айына 500 доллардан алышат. «Быйыл КР УОКтун аракети менен спортчулардын тизмеси дээрлик эки эсеге көбөйдү»