Казино боюнча мыйзам комитетте үчүнчү окуудан өттү – ал онлайн кумар оюндарына жана ММКда жарнамалоого уруксат берет

Казино боюнча мыйзам комитетте үчүнчү окуудан өттү – ал онлайн кумар оюндарына жана ММКда жарнамалоого уруксат берет

Казино ачуу жана кумар оюндары боюнча мыйзам долбоору кечээ, 20-июнда, Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде үчүнчү окуудан өткөн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Парламентарий анын кабыл алынышына каршы добуш бергенин белгиледи. Ага жаңы деталдар себеп болгон: мыйзам долбоору онлайн-казинолордун иштешине жана кумар оюндарын бардык ММКларда жарнамалоого уруксат бермекчи.

«Биздин бюджеттик комитетте казино жана башка кумар оюндарын ачуу боюнча мыйзам долбоору каралды. Экинчи, үчүнчү окуудан өттү, мен каршы добуш бердим. Эмне үчүн капысынан позициямды өзгөрткөнүмө таң калган болушуңар керек. Чындыгында, бул мыйзам долбоору онлайн-казинолорго жана бардык маалымат каражаттарында, телекөрсөтүү, билборддордо бардык кумар оюндарын 24/7 жарнамалоого мүмкүндүк берет. Өкмөттө эмне дешсе да, бул жарандарыбыз казинодо ойной баштайт дегенди билдирет», – деди депутат.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров казино ачууда бир дагы кыргызстандык киши кумар ойнобойт деп ишендирген.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол