ЕЭК Кеңеши кумшекерди импорттоого бажы алымдарын алып салуу мөөнөтүн 31-октябрга чейин узартты

ЕЭК Кеңеши кумшекерди импорттоого бажы алымдарын алып салуу мөөнөтүн 31-октябрга чейин узартты

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Кыргызстандын территориясына ак кумшекер жана чийки шекер ташып келүү үчүн бажы алымдарын жок кылуу мөөнөтүн 31-октябрга чейин узартты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 21-июнда Минск шаарында ЕЭК Кеңешинин кезексиз жыйыны өттү.

«Кеңешменин жыйынтыгы боюнча айыл чарба техникасынын айрым түрлөрүнө ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифинин импорттук бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө чечими кабыл алынды», – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринен киргизилген жеке автотранспорт каражаттарын шашылыш кызматын чакыруу системалары/каражаттары менен жабдылоо жөнүндөгү Бажы биримдигинин комиссиясынын чечимине өзгөртүүлөр киргизилди.

Мындан тышкары, Бажы биримдигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти бекитилди. Анда пландык контролду сертификациялоонун мөөнөтү 2022-жылга туш келсе, тиешелүү орган (арыз боюнча) кийинкиге жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Эгерде технологиялык процесс өзгөргөн эмес болсо, мындай көзөмөл 12 айга чейин кийинкиге жылдырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.