Назира Абдиева

Садыр Жапаров Мамкурулуштун директорун алмаштырды

Садыр Жапаров Мамкурулуштун директорун алмаштырды

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик курулуш комитетинин директору Токтомамбет Сатышовду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул жөнүндө мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүдө Сатышов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду деп айтылган. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Нуртазин Жетибаев Мамкурулуштун жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Ал былтыркы жылдын

Россияда жок «Кока-Коланы» Кыргызстан жеткирип жатабы?

Россияда жок «Кока-Коланы» Кыргызстан жеткирип жатабы?

Россиянын кээ бир шаарларында Кыргызстанда чыгарылган Coca-Cola ичимдиктери байкалган. Бул тууралуу kyrgyznews жаңылыктар баракчасы билдирген. Сатып алуучулар бөтөлкөнүн сыртында “Классическая” деген жазуу менен бирге “Классикалык”, ошондой эле “Бишкекте чыгарылган” деген жазууларды байкашкан. Кардарлар даамы Россияда чыгарылган коладан эч айырмасы жок экендиги айтышкан. Эскерте кетсек, 16-июнда Coca-Cola компаниясы Россиядагы 10 заводунун

Яндекс Go Кыргызстанда корпоративдик сервисти ишке киргизди

Яндекс Go Кыргызстанда корпоративдик сервисти ишке киргизди

Эми Бишкек жана Ош шаарларындагы компаниялар Yandex Go такси кызматын бизнес үчүн колдоно алышат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет. Аталган сервис кызматкерлердин такси чакыруусун жеңилдетет: алар мобилдик колдонмо аркылуу унаага телефон чалып, ар бир сапар үчүн бухгалтердик отчет тапшыруудан бошойт. Ошондой эле, бул кызмат конокторду же бизнес-өнөктөштөрдү тосуп

«Газпромбанк» Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар программасын каржылайт

«Газпромбанк» Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар программасын каржылайт

Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар программасы россиялык “Газпромбанк” тарабынан каржыланат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык экономикалык форумда КР министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана «Газпромбанк» ААКнын ортосунда жолугушуу болуп, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. «Банк Россияда өндүрүлгөн товарларды сатып алуу үчүн КР Финансы

Быйыл Лондондо кыргыз-британ инвестициялык форуму өтөт

Быйыл Лондондо кыргыз-британ инвестициялык форуму өтөт

Быйыл Лондондо кыргыз-британ инвестициялык форуму өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда, Бишкекте өткөн эки тараптуу кызматташуу боюнча биринчи кыргыз-британ министрликтер аралык консультацияла учурунда айтылды. Бишкекте эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин делегациялары инвестициялык форумду уюштурууну, ошондой эле Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо, продукциянын сапаты, сертификация жана продукцияны жаңы рынокторго алып чыгуу

«Авиа Траффик» авиакомпаниясы Бишкектен Алматыга күн сайын каттайт

«Авиа Траффик» авиакомпаниясы Бишкектен Алматыга күн сайын каттайт

Ата мекендик “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы Бишкектен Алматыга жаңы рейс ачты. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын басма сөз кызматы (Кыргызстандын бардык аэропортторунун оператору) билдирди. Бүгүн, 20-июлдан тартып, Avia Traffic авиакомпаниясы Бишкек-Алматы-Бишкек багыты боюнча кезектеги аба каттамын ачты. Каттамдар күн сайын жүрөт. Белгилей кетсек, бул каттам ишке киргенге чейин

Орто-Токой суу сактагычында иштегендер 4-5 миң сомдон гана айлык алышат

Орто-Токой суу сактагычында иштегендер 4-5 миң сомдон гана айлык алышат

Суу сактагычты тейлеген кызматкерлер депутат менен болгон жолугушууда атайын жүктөгүч техникасы жоктугуна жана айлык маянанын аздыгына арызданышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев Нарын облусуна иш сапары менен барды. Сапардын алкагында

Улуттук банк валюта рыногунан 51.4 млн доллар сатып алды

Улуттук банк валюта рыногунан 51.4 млн доллар сатып алды

Кыргызстандын Улуттук банкы кайрадан валюта рыногунда интервенция жүргүздү. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды. 17-июнда Улуттук банк 51.4 млн доллар сатып алган. Анын 25.4 млн доллары келишим түзүлгөн күнү алынып, ал эми 26.04 млн доллар боюнча эсептешүү келишим түзүлгөндөн башка күнү жүргөн. Акыркы айдын ичинде бул долларды сатып

300 автобус таштандыга кетет

300 автобус таштандыга кетет

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын территориясын бошотуу үчүн эски автобустарды эсептен чыгаруу башталды. Бул тууралуу kaktus.media сайтына Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы билдирген. Бардык документтер муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнө тапшырылган. Ал комиссия түзүп, анын биринчи жыйыны бүгүн өтмөкчү. Чогулушта автобустардан арылуу маселеси: аукциондо сатылабы же эсептен чыгарылабы, ошол чечилет.

Кыргызстанда мектептерди оңдоого жылына 100 млн сом гана бөлүнөт

Кыргызстанда мектептерди оңдоого жылына 100 млн сом гана бөлүнөт

Жыл сайын мектептердин ремонтуна мамлекеттик бюджеттен 100 млн сом гана бөлүнөт. Бул тууралуу 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди, деп жазат azattyk. Анын айтымында, бул сумма муктаждыктын 24.5%ын гана жабат. Ал кошумчалагандай, мектептерди демөөрчүлөрдүн жана жергиликтүү

Депутаттар Жерүй алтын кенинде болушту

Депутаттар Жерүй алтын кенинде болушту

Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 2022-жылдын 19-20-21-июнунда тоо-кен тармагында иштеп жаткан компаниялардын ишмердиги менен таанышуу максатында Талас жана Жалал-Абад облустарында көчмө жыйын өткөрүүдө. Сапардын биринчи күнүндө эл өкүлдөрү Жерүй алтын кенине барышты. Кен Талас районунун аймагында Чоң-Чычкан дарыясынын жогорку агымында Үчкошкой суусунун

Бөкөнтаев Улуттук банк кантип акча таап, канчасын бюджетке төгөрүн айтты

Бөкөнтаев Улуттук банк кантип акча таап, канчасын бюджетке төгөрүн айтты

Улуттук банктын кирешелери – бул чет өлкө валютасы жана алтын менен жүргүзгөн операциялардан алынган кирешелер, ошондой эле эл аралык резервдерди башкаруудан, банктарга жана эл аралык уюмдарга берилген кредиттерден, мамлекеттик баалуу кагаздардан жана башкалардан алынган пайыздык кирешелер. Бул тууралуу Улуттук банктын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев 24.kg агенттигине берген маегинде айтып берди. Ал