Россияда жок «Кока-Коланы» Кыргызстан жеткирип жатабы?

Россиянын кээ бир шаарларында Кыргызстанда чыгарылган Coca-Cola ичимдиктери байкалган. Бул тууралуу kyrgyznews жаңылыктар баракчасы билдирген.

Сатып алуучулар бөтөлкөнүн сыртында “Классическая” деген жазуу менен бирге “Классикалык”, ошондой эле “Бишкекте чыгарылган” деген жазууларды байкашкан. Кардарлар даамы Россияда чыгарылган коладан эч айырмасы жок экендиги айтышкан.

Эскерте кетсек, 16-июнда Coca-Cola компаниясы Россиядагы 10 заводунун ишин токтотконун билдирген.

Бишкекте жайгашкан “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” компаниясынын басма сөз кызматы бул жагдай тууралуу жана коңшу өлкөлөргө продукция экспорттоо боюнча эч кандай комментарий азырынча бере албасын, башкы офистен расмий билдирүү боло элегин айтып жооп беришти.

“Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖАК заводу Coca-Cola, Fanta, Sprite ичимдиктерин, ширелерди, ошондой эле Bonaqua суусун чыгарат. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды