300 автобус таштандыга кетет

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын территориясын бошотуу үчүн эски автобустарды эсептен чыгаруу башталды. Бул тууралуу kaktus.media сайтына Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы билдирген.

Бардык документтер муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнө тапшырылган. Ал комиссия түзүп, анын биринчи жыйыны бүгүн өтмөкчү. Чогулушта автобустардан арылуу маселеси: аукциондо сатылабы же эсептен чыгарылабы, ошол чечилет.

“300 автобустун документтерин даярдап койдук. Мэриянын карамагында 476 автобус болсо, анын 85-100ү гана ишке жарактуу”, – деп билдирген бөлүм башчысы Максат Нусувалиев.

Белгиленгендей, шаар 1200-1500 автобуска муктаж. Азыр 90 муниципалдык жана 100 жеке автобус, ошондой эле 130 троллейбус каттамда жүрөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды