«Авиа Траффик» авиакомпаниясы Бишкектен Алматыга күн сайын каттайт

Ата мекендик “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы Бишкектен Алматыга жаңы рейс ачты. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын басма сөз кызматы (Кыргызстандын бардык аэропортторунун оператору) билдирди.

Бүгүн, 20-июлдан тартып, Avia Traffic авиакомпаниясы Бишкек-Алматы-Бишкек багыты боюнча кезектеги аба каттамын ачты. Каттамдар күн сайын жүрөт.

Белгилей кетсек, бул каттам ишке киргенге чейин Алматы менен Бишкектин ортосундагы каттамдарды узак убакыт бою бир гана казакстандык Air Astana авиакомпаниясы аткарып келген.

Эске салсак, Казакстан пандемияга байланыштуу киргизилген чет элдиктердин кирүүсүнө чектөөлөрдү 11-апрелден тартып алып салган, ал эми 8-июндан баштап өлкөгө киргендердин ПЦР тесттери жана эмдөө паспорттору кереги жок.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды