Назира Абдиева

26-27-майда Бишкекте өтүүчү Евразиялык экономикалык форумга каттоо башталды

26-27-майда Бишкекте өтүүчү Евразиялык экономикалык форумга каттоо башталды

2022-жылдын 26-27-майында Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт. Анын негизги темасы «Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» деп аталат жана аталган форумга каттоо ачылганын Экономика министрлиги кабарлады. Белгилей кетсек, Евразия экономикалык форуму – ЕАЭБтин жыл сайын өтүүчү экономикалык чөйрөдөгү бизнес-иш-чарасы, ЕАЭБ мамлекетинде Биримдиктин органдарына быйыл КР төрагалык

Улуттук банк «Элкарт» улуттук төлөм системасын тестирлөөнүн жыйынтыгында ийгиликтүү деп тапты – эми кредит карталары ишке кирет

Улуттук банк «Элкарт» улуттук төлөм системасын тестирлөөнүн жыйынтыгында ийгиликтүү деп тапты – эми кредит карталары ишке кирет

Кыргызстанда «Элкарт» улуттук төлөм системасынын кредиттик карталары пайда болот. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди. КРнын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин токтому менен «М Булак» МКК ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК атайын жөнгө салуу режиминин алкагында, 2020-жылдан 28-октябрынан тартып 2022-жылдын 30-апрелине чейинки мезгил аралыгында, жүргүзүлгөн тестирлөө

Эгемендүүлүктүн символу – кыргыз сому бүгүн 29 жашка толду

Эгемендүүлүктүн символу – кыргыз сому бүгүн 29 жашка толду

Бүгүн, 10-майда КРнын улуттук валютасы – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгенине 29 жыл толду. Бул күнү Кыргызстанда расмий түрдө Улуттук валюта күнү жана банкирлердин кесиптик майрамы – Банк кызматкерлеринин күнү белгиленет. Улуттук валюта – кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизүү чечими 1993-жылдын 3-майында КРнын Жогорку Кеңешинин токтому менен кабыл алынып, ошол эле жылдын 10-майында бүткүл өлкө

Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлердин өнүгүшүнө эмне тоскоол болууда?

Бизнес маек

Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлердин өнүгүшүнө эмне тоскоол болууда?

Economist.kg финансылык басылмасы «Аймактагы бизнестин көйгөйлөрү. Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлердин өнүгүшүнө эмне тоскоол болууда?» деген аталышта онлайн форматта тегерек стол уюштурду. Талкууга аймактардан ар тармактагы ишкерлер, өндүрүш кызматкерлери, бизнес боюнча эксперттер катышып, ишкерлердин өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткан реалдуу көйгөйлөр тууралуу сөз кылышты. Тегерек столго катышкан Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев

11-майдан баштап ведомстволор аралык кат алышуулар электрондук системада жүргүзүлөт

11-майдан баштап ведомстволор аралык кат алышуулар электрондук системада жүргүзүлөт

11-майдан баштап ведомстволор аралык кат алышуулар электрондук системада жүргүзүлөт. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө минкабдын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, социалдык жөлөкпулдарды жог

Садыр Жапаров Эсептөө палатасына «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды

Садыр Жапаров Эсептөө палатасына «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды

Садыр Жапаров Эсептөө палатасына «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу президент өзүнүн Facebook баракчасында билдирди. Жапаров «Кумтөрдүн» бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жиберген. «Кумтөр» алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы

2021-жылы комбанктардын кирешеси 36 млрд сомду түздү

Кызыктуулар

2021-жылы комбанктардын кирешеси 36 млрд сомду түздү

2021-жылы коммерциялык банктардын кирешеси 36 млрд сомду түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 10.5%га көп. Бул тууралуу Улутстаткомдун банк кызматкерлеринин күнүнө карата маалыматында айтылат. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 20 банк кирешелүү болсо, үч банк чыгашага учураган. Коммерциялык банктардын жалпы активдери 2021-жылдын акырына карата бир жыл ичинде 24%га өсүү менен 358

УКМК «Дастан» ТУК ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовду кармады

УКМК «Дастан» ТУК ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовду кармады

УКМК «Аврора плюс» эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик менчиктен кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирип, натыйжада, «Дастан» ТУК ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовду кармады. Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн, мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары табылып, натыйжада,

«Түндүк электр» чыгымдарын жапты, эми мамлекетке дивиденд берүүгө даяр

«Түндүк электр» чыгымдарын жапты, эми мамлекетке дивиденд берүүгө даяр

«Түндүк электр» бөлүштүрүү компаниясы 2021-жылы чыгымдарын калыбына келтирип, 242 млн сом таза киреше тапкан. Бул тууралуу маалымат компаниянын каржылык отчетунда айтылат. Белгилей кетсек, 2020-жылы «Түндүк электр» ААК 473.5 млн сом чыгашага учураган болчу. 2021-жылдын кирешеси акционерлердин 26-апрелдеги чечимине ылайык экиге бөлүнөт. Каражаттын көбү (75%) компанияны өнүктүрүүгө калат, ал эми

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы КРда долбоорлорун каржылоону 7.4 млрд сомго чейин көбөйтөт

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы КРда долбоорлорун каржылоону 7.4 млрд сомго чейин көбөйтөт

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БДП) Кыргызстандагы долбоорлорун каржылоону 90 млн долларга (7.4 млрд сомго) жеткирүүнү көздөөдө. Мындай маалыматты Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Кодзиро Накай КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова менен болгон жолугушууда билдиргенин министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча директордун

Сузак: селден тазалоого 2000 адам тартылды

Сузак: селден тазалоого 2000 адам тартылды

Сузак районунда селден жабыр тарткан жарандардын турак үйлөрүн 2000ден ашуун кызматкер, 47 техника жана 27 мотопомпа тазалоого тартылды. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен: * 211 кызматкер * 11 оор инженердик техника * 19 мотопомпа. Жарандык коргонуу кызматтарынан: * 325 кызматкер * айыл аймак жана мекеме, ишканалардан – 429 кызматкер * 34 техника жана

«Манас» аэропорту акыркы беш жылда акционерлерине 3.7 млрд сом төлөдү

«Манас» аэропорту акыркы беш жылда акционерлерине 3.7 млрд сом төлөдү

«Манас» эл аралык аэропорт» ААК акыркы 5 жылдын ичинде 3 млрд 785 млн 896 миң сом суммада акционерлерге дивиденддерди төлөдү. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, «Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде 4 млрд 218 млн 217 миң сом КРнын бюджетине салыктарды жана Социалдык фондго каражат