Эгемендүүлүктүн символу – кыргыз сому бүгүн 29 жашка толду

Эгемендүүлүктүн символу – кыргыз сому бүгүн 29 жашка толду

Бүгүн, 10-майда КРнын улуттук валютасы – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгенине 29 жыл толду. Бул күнү Кыргызстанда расмий түрдө Улуттук валюта күнү жана банкирлердин кесиптик майрамы – Банк кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Улуттук валюта – кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизүү чечими 1993-жылдын 3-майында КРнын Жогорку Кеңешинин токтому менен кабыл алынып, ошол эле жылдын 10-майында бүткүл өлкө боюнча сом расмий төлөм каражаты болуп калган.

КРнын Улуттук банкы 1993-жылдын 10-майынан 15-майына чейин 1, 5 жана 20 сом номиналындагы I сериядагы банкнотторду, ошондой эле 1, 10 жана 50 тыйындык номиналдагы акчаны жүгүртүүгө чыгарган. Коммерциялык банктарда, Сбербанктын филиалдарында жана ишканаларында алмашуу бюролору ачылган. 1993-жылы 14-майда кечки саат 18:00дөн баштап, сом Кыргызстандын аймагындагы жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп киргизилген.

Кыргызстан эгемендигин жарыялагандан кийин мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп өз валютасын жүгүртүүгө киргизген.

29 жылдан бери кыргыз сому көз карандысыз акча-кредит саясатынын негизги куралы гана болбостон, эгемендүү мамлекеттин көз карандысыздыгынын ажырагыс символу болуп калды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын