Садыр Жапаров Эсептөө палатасына «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды

Садыр Жапаров Эсептөө палатасына «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды

Садыр Жапаров Эсептөө палатасына «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу президент өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Жапаров «Кумтөрдүн» бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жиберген.

«Кумтөр» алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет», – деди президент.

Эскерте кетсек, «Кумтөр» алтын кенине 2021-жылы 17-майда тышкы башкаруу киргизилген. Ал эми үстүбүздөгү жылы 4-апрелде, Министрлер кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганын жана кен толугу менен Кыргызстанга өткөнү жарыяланган.

Мындан тышкары окуңуз

Акыйкатчынын орун басары Жалал-Абадда камактагылар менен жеке маектешти

Акыйкатчынын орун басары Жалал-Абадда камактагылар менен жеке маектешти

Акыйкатчынын орун басары Медербек Усаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №10 түзөтүү колониясына жана Манас шаарындагы №53 тергөө абагына мониторинг жүргүздү. Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, Медербек Усаров соттолгондор жана камактагылар менен жекеме-жеке сүйлөшүп, алардын кайрылууларын укту. Маалыматка ылайык, айтылган маселелердин айрымдары боюнча

Ошто коопсуздук талабын бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Ошто коопсуздук талабын бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Ош шаарында курулуп жаткан 12 кабаттуу турак жайда курулуш талаптарынын бузулушу аныкталып, компанияга 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Мамыров көчөсү, 54 дарегиндеги объектти текшерүү учурунда турак жай үчүн казылган котлован курулуш аянтынын тосмосунан чыгып, үчүнчү жактар үчүн

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте "Baytik Mountain Resort" жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, документ Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун ачык акционердик коому, "Valmont Group&

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Мамлекеттик финансылык холдинг менен биргеликте дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын киргизүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү долбоорун ишке ашырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, сугат суусун үнөмдүү пайдаланууну каалаган дыйкандар 2% менен насыя ала алышат. Бул