Улуттук банк «Элкарт» улуттук төлөм системасын тестирлөөнүн жыйынтыгында ийгиликтүү деп тапты – эми кредит карталары ишке кирет

Улуттук банк «Элкарт» улуттук төлөм системасын тестирлөөнүн жыйынтыгында ийгиликтүү деп тапты – эми кредит карталары ишке кирет

Кыргызстанда «Элкарт» улуттук төлөм системасынын кредиттик карталары пайда болот. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

КРнын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин токтому менен «М Булак» МКК ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК атайын жөнгө салуу режиминин алкагында, 2020-жылдан 28-октябрынан тартып 2022-жылдын 30-апрелине чейинки мезгил аралыгында, жүргүзүлгөн тестирлөө банк операцияларынын төмөнкү чектелген тизмесин жүргүзүү боюнча ийгиликтүү деп табылды: 

  • нак эмес кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган, чектелген функционалдык кредиттик карттарын чыгаруу 
  • «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карттарын «М Булак» МКК POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде POS-терминалдарды орнотуу/ QR-коддорду колдонуу боюнча соода-тейлөө ишканалары менен келишимдерди түзүү, товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөдө төлөм каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карттарын кабыл алуу, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу. 

Атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтү «М Булак» МКК» ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК үчүн 2022-жылдын 1-майынан 2022-жылдын 1-ноябрына чейин узартылды. 

Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучулары болуп, «М Булак» МКК» ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК эсептелет. 

Мындан тышкары окуңуз

Акыйкатчынын орун басары Жалал-Абадда камактагылар менен жеке маектешти

Акыйкатчынын орун басары Жалал-Абадда камактагылар менен жеке маектешти

Акыйкатчынын орун басары Медербек Усаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №10 түзөтүү колониясына жана Манас шаарындагы №53 тергөө абагына мониторинг жүргүздү. Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, Медербек Усаров соттолгондор жана камактагылар менен жекеме-жеке сүйлөшүп, алардын кайрылууларын укту. Маалыматка ылайык, айтылган маселелердин айрымдары боюнча

Ошто коопсуздук талабын бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Ошто коопсуздук талабын бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Ош шаарында курулуп жаткан 12 кабаттуу турак жайда курулуш талаптарынын бузулушу аныкталып, компанияга 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Мамыров көчөсү, 54 дарегиндеги объектти текшерүү учурунда турак жай үчүн казылган котлован курулуш аянтынын тосмосунан чыгып, үчүнчү жактар үчүн

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте "Baytik Mountain Resort" жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, документ Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун ачык акционердик коому, "Valmont Group&

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Мамлекеттик финансылык холдинг менен биргеликте дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын киргизүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү долбоорун ишке ашырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, сугат суусун үнөмдүү пайдаланууну каалаган дыйкандар 2% менен насыя ала алышат. Бул