АӨБ Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууга колдоо көрсөтөт
Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-апрелде, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Чэнь Шисинди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы долбоордук-программалык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Мамлекет башчысы АӨБ менен жашыл экономика, энергетика, транспорт, айыл чарба жана суу ресурстарын башкаруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын