Назира Абдиева

Мигранттар Кыргызстанга жөнөткөн акчанын үчтөн биринен көбү Western Union төлөм системасы аркылуу келчү

Мигранттар Кыргызстанга жөнөткөн акчанын үчтөн биринен көбү Western Union төлөм системасы аркылуу келчү

Мигранттар Кыргызстанга которгон каражаттардын үчтөн биринен көбү Россияда иштебей калган Western Union төлөм системасы аркылуу келчү. Өткөн жылы бул төлөм системасы аркылуу Кыргызстанга дээрлик 89 млрд сом келген. Бул система популярдуулугу жагынан экинчи орунда турган. Эске салсак, буга чейин америкалык компания 24-марттан тарта Россия менен Беларуста ишин токтоторун билдирген болчу.

Кыргызстанда лифт жабдууларын чыгарган ата мекендик ишкана ачылды

Кыргызстанда лифт жабдууларын чыгарган ата мекендик ишкана ачылды

Лифт жабдууларын чыгарган алгачкы ата мекендик ишкана ачылды. Аталган ишкананын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышканын кабинеттин маалымат кызматы билдирди. Компаниянын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева компаниянын алдыга койгон амбициялуу пландары, анын ичинде Борбор Азия жана Евразия экономикалык биримдигинин рынокторуна чыгуу пландары бар экенин белгилеп, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу 500 даана техниканы

КРнын бардык ортомчу компаниялары «Кыргызстандын улуттук электр тармагына» биригет

КРнын бардык ортомчу компаниялары «Кыргызстандын улуттук электр тармагына» биригет

Кыргызстандагы электр жарыгын бөлүштүрүүчү бардык компаниялар – «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ошэлектр» жана «Жалалабатэлектро» «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсына бириктирилет. Компаниянын маалыматына таянсак, мындай чечим ушул ишембиде, 26-мартта, КУЭТ (орус., НЭСК) акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынат. Акционерлердин жыйынынын күн тартибинде биринчи болуп «Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр» ААК, «Ошэлектро» ААК

Жаңы Бала-Саруу ГЭСине 7.5 млн евролук жабдууларды Австриянын Global Hydro Energy компаниясы алып келет

Жаңы Бала-Саруу ГЭСине 7.5 млн евролук жабдууларды Австриянын Global Hydro Energy компаниясы алып келет

«Чакан ГЭС» ААКсы (мамлекеттик үлүшү 100%) Талас районундагы Киров суу сактагычындагы жаңы Бала-Саруу чакан ГЭСинин курулушуна жабдыктарды австриялык Global Hydro Energy GmbH компаниясынан сатып алат. Бул тууралуу кыргызстандык компаниянын билдирүүсүндө айтылат. Келишимдин баасы 7 млн 480 миң еврону түзөт (учурдагы курс боюнча 852 млн сомго жакын). Австриялык компания менен келишим

«Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек – Москва» аба каттамы жанданды

«Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек – Москва» аба каттамы жанданды

«Манас» аэропортунун маалымат кызматы «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек – Москва» багыты боюнча эртең мененки каттамы 2022-жылдын 22-мартынан тартып жандандырылганы тууралуу кабарлады. Тактап айтканда, «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва – Бишкек каттамын күнүнө эки жолу, эртең менен жана түштөн кийинки убакта аткармакчы. Авиабилеттер боюнча суроолор менен авиакомпанияга кайрылуу сунушталат. Ошондой эле, каттамдар боюнча маалыматты «Манас»

Мамматрезервдер фондунан Таласка 15 тонна кумшекер, 10 тонна күн карама майы берилди

Мамматрезервдер фондунан Таласка 15 тонна кумшекер, 10 тонна күн карама майы берилди

Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун башкы кампасынан 15 тонна кумшекер жана 10 тонна күн карама майы Талас шаарына берилди. Бул тууралуу шаардын мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Берилген маалыматка ылайык, кумшекердин килограммы – 70 сомдон, күн карама майынын литри – 130 сомдон сатылууда. Ал эми аз камсыз болгон, муктаж үй бүлөлөргө өз баасында берилип

Кыргызстандагы дандын запасы 6 айга, Казакстандыкы 2 жылга жетет

Кызыктуулар

Кыргызстандагы дандын запасы 6 айга, Казакстандыкы 2 жылга жетет

Кыргызстандын дан запасы 6-7 айга жетет. Бул тууралуу «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди. Улуттук статистикалык комитетинин берген маалыматына ылайык, 2021-жылы кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе кыскарган. 2021-жылдын аягында 577 миң гектар аянттан кылкандуу дан эгиндери жыйналган.

«Кумтөр» жылдын аягында 220 млн доллар таза киреше менен чыкты – Акылбек Жапаров

«Кумтөр» жылдын аягында 220 млн доллар таза киреше менен чыкты – Акылбек Жапаров

Тышкы башкаруу киргизилгенден кийин Кумтөрдөн түшкөн киреше төрт эсеге өскөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нооруз майрамын белгилөө иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө айтты. Анын айтымында, өткөн жылдын эң маанилүү окуясы «Кумтөр» кенинин кыргыз элине кайтарылышы болгон жана тышкы жардамсыз эле мамлекет кендеги көптөгөн өндүрүштүк линияларды иштетип кете аларына көпчүлүгү

Улуттук банк теңгенин сомго карата курсуна убактылуу жөнгө салуу киргизди

Улуттук банк теңгенин сомго карата курсуна убактылуу жөнгө салуу киргизди

«КРда экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу» максатында, КРнын Улуттук банкы теңгенин сомго карата курсуна убактылуу жөнгө салуу киргизди. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди. Кабыл алынган токтомго ылайык, КРнын коммерциялык банктары, алмашуу бюролору, микрофинансылык уюмдары, 2022-жылдын 19-мартынан тартып, кыргыз сомуна карата казак теңгесин сатып алуу курсун

Кыргызстан ЕАЭБдин чегинен тышкары буудай, ун, май, кумшекерди, ал эми этти жана жемди бардык өлкөлөргө экспорттоого тыюу салды

Кыргызстан ЕАЭБдин чегинен тышкары буудай, ун, май, кумшекерди, ал эми этти жана жемди бардык өлкөлөргө экспорттоого тыюу салды

Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөдөн азык-түлүк жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сыртка ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизди. Мындай чечим «өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын базар баасын турукташтыруу максатында» кабыл алынганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Төмөнкү азык-түлүктүн түрлөрүн экспорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салынат: * Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) башка

Январь-февраль айларында ички соода 6.3%га өстү

Январь-февраль айларында ички соода 6.3%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын өсүшү 6.3%ды түздү. Бул аралыкта өлкөнүн ишкерлери 69 млрд 405.8 млн сомго (январь айынын орточо курсу боюнча 820 млн долларга жакын) соода жүргүзүшкөнүн Улутстатком билдирди. Бул мезгилде дүң сооданын көлөмүнүн өскөнү байкалып, ал – 11.4%га жеткен. Чекене

Рынокторду ачып, тоскоолдуктарды алып жана россиялык банктарга альтернатива издөө керек – Ишенбаев кризистен чыгуу жолдорун айтат

Бизнес маек

Рынокторду ачып, тоскоолдуктарды алып жана россиялык банктарга альтернатива издөө керек – Ишенбаев кризистен чыгуу жолдорун айтат

Бийлик тез аранын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, базарларды ачып, ишкерлердин эркин соода жүгүртүүсүнө жол бериши керек. Бул тууралуу «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы Максат Ишенбаев Бишкекте «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда билдирди. «Алгачкы алты айда мурдагыдай киреше болбосу анык – азыр аман калуунун жолун издеш керек. Ошондуктан тез