Рынокторду ачып, тоскоолдуктарды алып жана россиялык банктарга альтернатива издөө керек – Ишенбаев кризистен чыгуу жолдорун айтат

Рынокторду ачып, тоскоолдуктарды алып жана россиялык банктарга альтернатива издөө керек – Ишенбаев кризистен чыгуу жолдорун айтат

Бийлик тез аранын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, базарларды ачып, ишкерлердин эркин соода жүгүртүүсүнө жол бериши керек. Бул тууралуу «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы Максат Ишенбаев Бишкекте «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда билдирди.

«Алгачкы алты айда мурдагыдай киреше болбосу анык – азыр аман калуунун жолун издеш керек. Ошондуктан тез аранын ичинде базарларды ачуу керек, тоскоолдуктарды жоюу керек», – дейт Ишенбаев.

Ишкер улуттук холдингдерди түзүүнү өзгөчө колдобой турганын, анткени алар жөнөкөй ишкерлерге эмне үчүн керек экени түшүнүксүз экенин белгиледи. «Бул биздин акча, биздин салыктар. Ошол эле учурда Улуттук банк долларлык кредиттерди сомго реструктуризациялоону суранып жатат – мунун баары биздин чөнтөгүбүздүн эсебинен болот. Пандемия учурунда да бийлик көп убадаларды кылган. Бизнести колдоо үчүн мамлекеттен акчалай жардам алгандар болдубу?», – деди ал.

Арзан акчаларды убактылуу унута турган оң

«Менин оюмча, сомдун мындай девальвациясына жол берилбеши керек болчу, Улуттук банк рублдин артынан байланып, чуркабай, интервенция жасап, рынокто экенин көрсөтүш керек болчу. Бул психологиялык жактан көбүрөөк таасир эткенин азыр көрүп жатабыз. Анын үстүнө курсту девальвациялаганда экспортту колдошубуз керек. Ал эми Россия менен бул таптакыр тескерисинче болууда – биз көбүрөөк импорттойбуз жана инфляцияга абдан күчтүү таасир этүүчү мунай, бензин, азык-түлүк импорттоп жатабыз», – деди банктын жетекчиси.

Улуттук банктын эсептик чени көтөрүлгөнүнө банктар дароо реакция кылып, кредиттердин үстөк пайызын көтөрүштү.

«Албетте, финансылык инструменттер да, акчага жетүү да эми баары алда канча кымбат болот. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жана ири валюта интервенцияларынын аркасында, мисалы, айыл чарбадагы дыйкандар төмөнкү пайыздык үстөк менен насыя алганга көнүп калышты. Мен аны эми убактылуу унутушубуз керек деп ойлойм», –  деди ал.

Акча которуулар 30%га төмөндөдү

«Банк системасы биздин ишкерлер, кардарлар менен абдан тыгыз байланышкан, ошондуктан биз да терс кесепеттерди сезип жатабыз. Менимче, кредиттердин саны жана банктардын кредиттик портфелинин сапаты төмөндөйт. Биринчиден, ишкерлер орус бизнесине абдан байланган, экинчиден, акча которуу боюнча биз абдан көз карандыбыз, бул эч кимге деле жашыруун эмес.

Азыртадан эле биздин банкта акча которуулар 30%га төмөндөдү. Биз бул төмөндөө 50%дын тегерегинде болот деп күтүп жатабыз. Бул которулган каражаттар аркылуу көбү карыздарын, керектөө кредиттерин, ипотекалык насыяларын жабышчу», – деди Ишенбаев.

Экономика абдан көз каранды болуп чыкты. Биз экономиканы диверсификациялашыбыз керек, трансферттерге көз каранды болуп, аларга таянуунун кереги жок деп бардык эксперттер айтышты. «Эми мунун баары алардын туура айткандыгын далилдеп турат. Адаттагыдай эле, биз структуралык реформаларды жүргүзүү үчүн колдоно турган аздыр-көптүр туруктуу убакытты өткөрүп жибердик», – деп нааразы болду бизнесмен.

Санкцияда калган орус банктарына альтернатива издеш керек

SWIFT системасынан өчүрүлгөн россиялык банктардын тизмеси белгилүү, андыктан Кыргызстандын коммерциялык банктары көп деле зыян тартпайт дейт «Бай-Түшүм» ишканасынын жетекчиси. «Доллар менен төлөмдөр негизинен орусиялык банктар аркылуу жүргүзүлчү. Эми кымбатыраак болот, бирок биз альтернатива издейбиз, анткени америкалык банктар менен түз корреспонденттик байланышыбыз жок. Бирок чоң соккулар болбойт», – деди ал.

Ишенбаев ошондой эле процессинг борборлору Россияда жайгашкан банктар тууралуу маалыматка да токтолду.

«Ооба, алар кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн, бирок биз тез арада жергиликтүү процессинг борборуна өтө алабыз. Бизде Банктар аралык процессинг борбору, «Демир», «Кыргызкоммерц» жана башка бир нече банктарда бар. Ошондуктан, бул убакыт маселеси, балким, бир аз акча жоготуу болот, бирок бул өтө чоң жоготууга алып келбейт», –  деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын аянты 15,5 миң гектарга кеңейди

Кыргызстандын аянты 15,5 миң гектарга кеңейди

Кошуналар менен чек араны тактоодон кийин 15 миң 572 гектарга кеңейип, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аянты 20 млн 9 миң 572 гектарды түзөт. Анын 94,4 % тоолуу аймактар. Бул тууралуу президент өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, жалпы 6 млн 732 миң гектар айыл чарба жери бар. Анын 1 млн 82

Импорттолгон азык-түлүк эми "Санарип VET" аркылуу текшерилет

Импорттолгон азык-түлүк эми "Санарип VET" аркылуу текшерилет

Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон ветеринардык көзөмөлдөгү жүктөр эми "Санарип VET" маалыматтык системасы аркылуу текшерилип, бардык процесс электрондук форматта жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Кыргызстанда ветеринардык көзөмөл системасын санариптештирүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо максатында үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон ветеринардык көзөмөлгө

Бишкекте бактарды мыйзамсыз кыйган ишканага 17 миң сом айып пул салынды

Бишкекте бактарды мыйзамсыз кыйган ишканага 17 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги Ж.Пудовкин көчөсүндө бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылганы аныкталып, муниципалдык ишканага 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Бишкек шаарындагы Ж. Пудовкин көчөсүндө бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылганы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка

Бишкек–Ош жолунда унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди

Бишкек–Ош жолунда унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди

Бишкек–Ош унаа жолунун 249-чакырымында 21-июлда эки ирет сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. Ыкчам жүргүзүлгөн тазалоо иштеринен кийин каттам эки багытта тең толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. 21-июлда Бишкек–Ош унаа жолунун 249-чакырымында эки ирет сел жүрүп, жол каттамы убактылуу