Кыргызстанда лифт жабдууларын чыгарган ата мекендик ишкана ачылды

Кыргызстанда лифт жабдууларын чыгарган ата мекендик ишкана ачылды

Лифт жабдууларын чыгарган алгачкы ата мекендик ишкана ачылды. Аталган ишкананын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышканын кабинеттин маалымат кызматы билдирди.

Компаниянын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева компаниянын алдыга койгон амбициялуу пландары, анын ичинде Борбор Азия жана Евразия экономикалык биримдигинин рынокторуна чыгуу пландары бар экенин белгилеп, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу 500 даана техниканы түзөөрүн жана Бишкек шаарындагы лифттерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында жогорку технологиялуу лифттерге алмаштырууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгиледи.

Ал эми Жапаров өлкөдө жаңы өнөр жай ишканалары, анын катарында лифт өндүрүүчү ишканалар пайда болуп жатканын угуп, кубангандыгын билдирди.

«Кечээ автобус өндүрүү боюнча «Белес» заводу ачылды, бүгүн биз республикадагы лифт өндүрүү боюнча ишкананын ачылышында турабыз. Бул жакшы жаңылык, анткени ар кандай өндүрүштүн ачылышы мультипликативдик натыйжа берет. Мунун өзү – жаңы жумуш орундары жана республикалык бюджетке чегерүүлөр, жалпы эле аймактын өнүгүүсү. Биз өнөр жай тармагын өнүктүрүшүбүз керек жана өндүрүлгөн продукция чет элдик аналогдордон дээрлик кем калбаган ата мекендик өндүрүштү колдошубуз керек», – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, учурда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо үчүн бардык шарттар түзүлдү.

«1 млрд сом уставдык капиталы менен «Кыргызиндустрия» ишканасы түзүлүп, мамлекеттик банктардын уставдык капиталы да жогорулатылды. Бул аракеттердин баары ишкерлерге мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүүгө жардам берет. Эгерде даяр бизнес-план болсо, аны ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярбыз», – деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Балта шаарына 24 автобус берилди

Кара-Балта шаарына 24 автобус берилди

Кара-Балта шаарына Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен “ISUZU” үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автобустар тапшырылды. Бул тууралуу аталган фонддон билдирди. Маалыматка ылайык, айдоочуларга жаңы автобустардын ачкычтары тапшырылып, андан соң унаалар шаардык каттамдарга чыгарылды. Кара-Балта шаары үчүн жалпысынан 24 автобус сатылып алынган. Буга чейин, Өзбек-Кыргыз фондунун колдоосу менен

Алайдын төрт айылында таза суу тутумунун курулушу 95%га аяктады

Алайдын төрт айылында таза суу тутумунун курулушу 95%га аяктады

Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы төрт айылда таза суу менен камсыздоо тутумунун курулушу 95%га аткарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор Октябрь, Кум-Шоро, Кара-Суу жана Кенжебай айылдарын камтыйт. Учурда негизги курулуш иштери аяктап, суу түтүктөрүн жеке турак үйлөргө киргизүү иштери жүрүүдө. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 24

Баткендин мэри аймактагы курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алды

Баткендин мэри аймактагы курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алды

Баткендин мэри Сейтек Кулубаев шаар аймагындагы бир катар курулуш жана инфратүзүмдүк иштердин жүрүшүн көзөмөлгө алды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шаар башчысы Тамаша-Жай конушундагы таза суу менен камсыздоо, Чет-Булак аймагындагы көпүрөнүн курулушу, Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан суу кампасы жана базардын айланасын иретке

Кел-Суу көлүндө экологиялык талаптарды бузгандарга чара көрүлдү

Кел-Суу көлүндө экологиялык талаптарды бузгандарга чара көрүлдү

Нарын облусундагы Кел-Суу көлүндө экологиялык талаптарды бузгандарга 5 протокол түзүлүп, жалпы 22 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө айрым кайыктардын моторлорунан айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды чыгаруу, ошондой эле жайыттарга унаалар менен башаламан кирип, өсүмдүктөрдү тебелеп-тепсөө