Мигранттар Кыргызстанга жөнөткөн акчанын үчтөн биринен көбү Western Union төлөм системасы аркылуу келчү

Мигранттар Кыргызстанга которгон каражаттардын үчтөн биринен көбү Россияда иштебей калган Western Union төлөм системасы аркылуу келчү.

Өткөн жылы бул төлөм системасы аркылуу Кыргызстанга дээрлик 89 млрд сом келген. Бул система популярдуулугу жагынан экинчи орунда турган.

Эске салсак, буга чейин америкалык компания 24-марттан тарта Россия менен Беларуста ишин токтоторун билдирген болчу. Мындай чечим Украинадагы кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Western Union системасын акыркы маалыматтар боюнча Россияда 1 миллиондон ашык адам түзгөн кыргызстандык мигранттар активдүү пайдаланышчу.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат

Араван районунда 112 млн сомдук мектеп курулууда

Нарын менен Ошто жер силкинди

Өлкөдөгү 15 846 жеке ассистентке азык-түлүк жардамы берилди

Базар-Коргондун Кызыл-Ай айылында 78 млн сомдук бала бакча курулууда