Назира Абдиева

Акылбек Жапаров: «Кумтөр» кенин өзүбүзгө өткөрүү процессин бүтүп жатабыз, парламент колдоп берди

Акылбек Жапаров: «Кумтөр» кенин өзүбүзгө өткөрүү процессин бүтүп жатабыз, парламент колдоп берди

«Кумтөр» кенин өзүбүзгө өткөрүү процессин бүтүрүү алдында турабыз, парламент колдоп берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук банктын 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди. Жапаровдун айтымында, «Кумтөр» долбоору боюнча сүйлөшүүлөр аяктап калды жана мындан ары алтын кенге Кыргызстан өзү ээлик кылат. «Кечээ күнү парламент колдоп берди. Буюрса, алар менен

Депутат мамлекеттик банктардын ишине нааразы

Депутат мамлекеттик банктардын ишине нааразы

Бүгүн, 11-мартта «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында депутат Шаирбек Ташиев мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүнө нааразы экенин айтты. Анын айтымында, «Айыл банкта», «РСК банкта» жана «Керемет банкта» кардарлар үчүн тийиштүү шарттар каралган эмес. «Мамлекеттие банктардын бир шаарда бир гана филиалы иштегендиктен, насыя алгандар да, пенсия алгандар да катар туруп, кезек күткөндөр

Кыргызстандын үч банкынын Visa жана Mastercard карталары санкциялардан улам иштебей калышы мүмкүн

Кыргызстандын үч банкынын Visa жана Mastercard карталары санкциялардан улам иштебей калышы мүмкүн

Кыргызстандын үч банкы – «РСК», «КЫРГЫЗСТАН» жана «Керемет» банктарынын процессингдери Россиянын процессинг борборлорунда жайгашкан. Эгерде санкциялар Россиянын процессинг борборлоруна киргизилсе, Кыргызстандагы Visa жана Mastercard карталарынын ээлери карталарын колдоно албай калышат. Бул тууралуу Economist.kg сайтына өздүк булактар билдиришти. Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук банк санкция Россиянын процессинг борборлоруна жайылган учурда, бир

Дыйкандарга 339 млн сомго 544 насыя берилди –  «Айыл Банктын» депутатка жообу

Дыйкандарга 339 млн сомго 544 насыя берилди – «Айыл Банктын» депутатка жообу

Бүгүн эртең мененки абалга карата «Айыл чарбасын каржылоо – 10» (АЧК – 10) программасынын алкагында жылдык 6% менен 338.7 млн сом суммасында 544 насыя берилди. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына «Айыл Банк» ААКдан билдиришти. Эскерте кетсек, кечээ, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров «Айыл банк» дыйкандарга эч кандай кредит бербегенин,

Мигранттар колдонгон Western Union акча которуу системасы Россияда ишин токтотот

Мигранттар колдонгон Western Union акча которуу системасы Россияда ишин токтотот

Кыргызстандык мигранттар активдүү колдонгон Western Union акча которуу системасы Украинадагы кырдаалга байланыштуу Россия менен Беларуста ишмердүүлүгүн токтотот. Компания Россия банкына төлөм системасынын реестринен чыгаруу өтүнүчү менен кайрылганын «Интерфакс» билдирди. «Биз ички жана тышкы факторлорду карап чыгып, кесепеттери биздин урматтуу кесиптештерибизге, өнөктөштөрүбүзгө жана кардарларыбызга тийбесин дедик», – дешет Western Union өкүлдөрү. Натыйжада,

Доллардын баасы өсүүдө – курс 107 сомго жакындап баратат

Доллардын баасы өсүүдө – курс 107 сомго жакындап баратат

Кыргызстанда бүгүн, 11-мартта түштө доллардын сатуу курсу 106.5 сомго жетти. Бир сутка ичинде америкалык валюта дээрлик 1 сомго өстү – кечээ эле сатуу курсу 105.7 сом болчу. Бүгүн түштө valuta.kg порталынын маалыматы боюнча, Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сатып алуу баасы 103.5 сомдон 106.5 сомго чейин

«Альянс Алтын» ЖЧК Талас – Бишкек жолун тазалоого жардам берүүдө

«Альянс Алтын» ЖЧК Талас – Бишкек жолун тазалоого жардам берүүдө

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» ЖЧК Талас –Бишкек жолун тазалоого Транспорт министрлигинин кызматкерлери менен президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жардам берүү үчүн кызматкерлерин жана техникасын жөнөттү. Өтмөк ашуусундагы кар көчкү жана жолдогу муз менен ишкананын оор жүк ташуучу унаалары эки күндөн бери күрөшүп жатышат. «Учурда ал жерде автотранспорт

«Фрунзе» дүкөндөр тармагы кээ бир азыктарды сатууга чектөө киргизди

«Фрунзе» дүкөндөр тармагы кээ бир азыктарды сатууга чектөө киргизди

«Фрунзе» дүкөндөр тармагы кээ бир азыктарды сатууга чектөө киргизди. Бул тууралуу дүкөн социалдык тармактардагы баракчасында жазды. «Товарлар бүт кардарларга жетиши үчүн биз кээ бир өтө чоң суроо талапка ээ азыктарга убактылуу чектөө киргизип жатабыз. Ажиотаж жаратпаңыздар, дүкөндүн текчелерин күнүгө азыктарга толуктап турабыз», – деп айтылат билдирүүдө. Бирок билдирүүдө кайсы азыктарга чектөө

Министрлер кабинети товарларды чек арадан өткөндөн тартып, сатылганга чейин көзөмөлгө алат

Министрлер кабинети товарларды чек арадан өткөндөн тартып, сатылганга чейин көзөмөлгө алат

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан товарларды жана жүктөрдү онлайн режимде көзөмөлдөөнү камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөргөнүн кабинеттин маалымат кызматы билдирди. Арзыбек Кожошев мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү товарлардын жана жүктөрдүн жүгүртүлүшүнө, анын акыркы керектөөчүгө сатууга дейре толук көзөмөлдү камсыз кылууга мүмкүн боло

Эскертүү: 1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт

Эскертүү: 1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт

Салык кызматы 1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктай тургандыгын билдирет. Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү: * мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер * жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер * менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери * юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана

130 миң салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

130 миң салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

11-мартка карата 130 миңден ашык салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди. 2022-жылдын 11-мартына карата 131 миң 781 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын ичинен 114 миң 976 – электрондук түрдө. Тапшыргандардын ичинен 47 миң 931 юридикалык жак, 45 миң 267 жеке ишкер, 15 миң

Россия ЕАЭБдеги өнөктөш өлкөлөргө дан жана кант экспорттоого тыюу салды

Россия ЕАЭБдеги өнөктөш өлкөлөргө дан жана кант экспорттоого тыюу салды

Россия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өнөктөш өлкөлөрүнө дан эгиндерин (буудай, кара буудай, арпа жана жүгөрү) жана кантты экспорттоого убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу россиялык маалымат агенттиктери РФнын Экономикалык өнүктүрүү министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты. ЕАЭБге дан жана кантты экспорттоого тыюу салуу үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин күчүндө болот. «Чечимдер өлкөнүн