Министрлер кабинети товарларды чек арадан өткөндөн тартып, сатылганга чейин көзөмөлгө алат

Министрлер кабинети товарларды чек арадан өткөндөн тартып, сатылганга чейин көзөмөлгө алат

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан товарларды жана жүктөрдү онлайн режимде көзөмөлдөөнү камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөргөнүн кабинеттин маалымат кызматы билдирди.

Арзыбек Кожошев мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү товарлардын жана жүктөрдүн жүгүртүлүшүнө, анын акыркы керектөөчүгө сатууга дейре толук көзөмөлдү камсыз кылууга мүмкүн боло турган шарттарды түзүү зарыл экенин белгиледи. 

«Бул республиканын аймагына мыйзамсыз товарлардын ташып келинишине каршы натыйжалуу күрөшүүнү гана эмес, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун да камсыздайт. Тигил, же бул товар мамлекеттик чек арадан качан, кайсы убакытта жана канча көлөмдө өткөнүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө үчүн бардык тийиштүү мамлекеттик органдардын программалык камсыздоосун бир системага интеграциялоо зарыл. Бизде 24/7 режиминде так цифралар болушу керек», – деди Кожошев.

Ал кошумчалагандай, мамлекеттик органдар мыйзам бузууларга чара көрүүгө өзгөчө көңүл бурушу керек.

«Чек араны кесип өтүүдө мыйзам бузуулар аныкталган учурларга ыкчам чара көрүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын иштеп чыгуу керек. Мамлекеттик органдардын бардык аракеттери так жана жөнгө салынышы керек. Биз мындан аркы иш-аракеттер үчүн чыныгы маалыматка ээ болуубуз тийиш», – деп белгиледи ал.

Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына салмак-габариттик контролдун маалыматтык тутумдарынан, бажылык башкаруу тутумдарынан жана чек араны кесип өтүүчү автотранспорт каражаттарын фиксациялоо тутумунан маалыматтардын үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылууну тапшырды.

Кожошев жооптуу кызматкерлер тарабынан маалыматтык системаларга жалган маалыматтар киргизилген учурда ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары каралаарын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө 2 кызматкердин жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды

Ысык-Көлдө 2 кызматкердин жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды

Ысык-Көл аймактык транспорт башкармалыгында 2 жаран жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алар жумушка орношууда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан берилген жогорку билим тууралуу дипломдорду көрсөтүшкөн. Транспорттук прокуратура жүрзүзгөн

Таластын кире беришиндеги арка оңдоп-түзөөдөн өттү

Таластын кире беришиндеги арка оңдоп-түзөөдөн өттү

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө даярдыктын алкагында облуска кире бериштеги арка толук оңдолду. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, иштер президенттин тапшырмаларына жана Талас облусун өнүктүрүү стратегиясына ылайык жүргүзүлүүдө. “Долбоордун алкагында кире бериш арка жаңыланып, эс алуу жайынын курулушу аяктады. Аны 4-5-сентябрда пайдаланууга

Бишкекте үч күнгө курулуш иштерине чектөө киргизилди

Бишкекте үч күнгө курулуш иштерине чектөө киргизилди

Бишкек шаарында 30-августтан тартып үч күнгө курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жана оор атайын техникаларды пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Мындай чара Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу кабыл алынды. Бул маселе Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо

Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлорун кабыл алды

Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлорун кабыл алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 28-августта Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууга Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген өкүлдөр катышты. Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өтүп жаткан жыйындын маанисине токтолуп, алдыдагы мамлекет башчыларынын