Мигранттар колдонгон Western Union акча которуу системасы Россияда ишин токтотот

Мигранттар колдонгон Western Union акча которуу системасы Россияда ишин токтотот

Кыргызстандык мигранттар активдүү колдонгон Western Union акча которуу системасы Украинадагы кырдаалга байланыштуу Россия менен Беларуста ишмердүүлүгүн токтотот. Компания Россия банкына төлөм системасынын реестринен чыгаруу өтүнүчү менен кайрылганын «Интерфакс» билдирди.

«Биз ички жана тышкы факторлорду карап чыгып, кесепеттери биздин урматтуу кесиптештерибизге, өнөктөштөрүбүзгө жана кардарларыбызга тийбесин дедик», – дешет Western Union өкүлдөрү. Натыйжада, алар Украинадагы кырдаалга байланыштуу компания Россия менен Беларустагы ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин кабыл алганын айтышты.

Компания эл аралык коомчулукка кошулуп, кырдаалды дипломатиялык жана тынчтык жолу менен жөнгө салууга үмүттөнөрүн билдирди.

Февраль айынын аягында компания орус тилдүү веб-сайтта жана мобилдик тиркемеде акча которууларды жөнөтүүнү токтоткон, кызмат тейлөө пункттарында гана жеткиликтүү болуп жаткан.

«Россиядан башка өлкөлөргө которулган жана 2022-жылдын 24-мартына чейин алуучуларга төлөнбөгөн акчаларды башка өлкөлөрдө каалаган убакта алууга болот. Эгерде Россиядагы жөнөтүүчү которгон акчасын кайра кайтарып алууну чечсе, анда компаниянын өнөктөштөрүнүн биринин филиалында ишке ашырууга болот, алар азырынча такталып жатат», – дейт Western Union.

Россияга жөнөтүлгөн жана 24-мартка чейин алынбаган которулган акчалар жөнөтүүчүгө кайтарылып берилет.

Эскерте кетсек, өткөн жумада эл аралык Visa жана Mastercard, PayPal, American Express жана JCB төлөм компаниялары орус рыногунда ишин токтоткондугун жарыялашкан болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө 2 кызматкердин жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды

Ысык-Көлдө 2 кызматкердин жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды

Ысык-Көл аймактык транспорт башкармалыгында 2 жаран жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алар жумушка орношууда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан берилген жогорку билим тууралуу дипломдорду көрсөтүшкөн. Транспорттук прокуратура жүрзүзгөн

Таластын кире беришиндеги арка оңдоп-түзөөдөн өттү

Таластын кире беришиндеги арка оңдоп-түзөөдөн өттү

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө даярдыктын алкагында облуска кире бериштеги арка толук оңдолду. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, иштер президенттин тапшырмаларына жана Талас облусун өнүктүрүү стратегиясына ылайык жүргүзүлүүдө. “Долбоордун алкагында кире бериш арка жаңыланып, эс алуу жайынын курулушу аяктады. Аны 4-5-сентябрда пайдаланууга

Бишкекте үч күнгө курулуш иштерине чектөө киргизилди

Бишкекте үч күнгө курулуш иштерине чектөө киргизилди

Бишкек шаарында 30-августтан тартып үч күнгө курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жана оор атайын техникаларды пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Мындай чара Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу кабыл алынды. Бул маселе Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо

Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлорун кабыл алды

Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлорун кабыл алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 28-августта Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууга Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген өкүлдөр катышты. Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өтүп жаткан жыйындын маанисине токтолуп, алдыдагы мамлекет башчыларынын