Дастан Бекешев: 15 күндө салык төлөөчүлөр салык режимин өзгөртүүгө жетишпейт
15 күндө салык төлөөчүлөр салык режимин өзгөртүүгө жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрындагы Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев билдирди. Депутаттын айтымында, Салык кызматы салык төлөөчүлөргө салык режимин өзгөртүүгө берген 15 күн өтө эле аз. «Сиздер жарандарга салык режимин тандап алууга 15 гана күн берип жатасыздар. Канча жеке ишкер бар экенин билесиздерби?