Быйыл Кыргызстандын ичинде билеттердин орточо баасы 3100 сомду түздү – Aviasales.kg

Быйыл Кыргызстандын ичинде билеттердин орточо баасы 3100 сомду түздү – Aviasales.kg

Быйыл Кыргызстандын ичинде билеттердин орточо баасы 3 миң 130 сомду түзүп, былтыркыдан 10%га кымбаттады. Мындай маалымат Aviasales.kg сайтынын 2021-жылга карата жыл жыйынтыгын чыгарган изилдөөсүндө айтылат.

Изилдөөдө көрсөтүлгөндөй Россияга да билеттер кымбаттаган. 2020-жылга салыштырмалуу быйыл Москвага авиакаттамдын орточо баасы 45%га өсүп, ал 25 667 сомду түзгөн. Түштүк Кореяга учкан каттамдардын баасы да көтөрүлүп, азыр билет былтыркыга караганда орточо эсеп менен 50%га кымбаттаган.

Ал эми Стамбулга авиа каттамдар тескерисинче, баа орто эсеп менен 2%га арзандап, ал 18 452 сомду түзгөн.

2021-жылы Кыргызстандын жараны сатып алган эң кымбат билет АКШнын Мемфис шаарына жүз миң сомдон ашык (123 377 сом) болгон. Ал эми Ошко эң арзан авиакаттамы болуп, ал 2 957 сом болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Венгриядагы элчиси болуп дайындалды

Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Венгриядагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Эрлан Абдылдаевди Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматынан бошотуп Венгрияга элчи кылып дайындады. Мамлекет башчы Талантбек Кушчубековду Кыргызстандын Венгриядагы элчиси кызматынан бошотту. Ал 2021-жылдан бери иштеп келе жаткан. Эрлан Абдылдаев 60 жашта. Ал 2012-2018-жылдары Тышкы иштер министрлигин жетектеген. 2020-жылы Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалып, 2022-

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,