11 айда республикалык бюджеттин кирешеси 137 млрд сомду түздү

11 айда республикалык бюджеттин кирешеси 137.2 млрд сомду түзүп, план 105%га аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 41.4 млрд сомго же 43.2%га өскөн. Министр июнь айында бюджетке түшчү киреше 7 млрд сомго артта калып жаткан болсо, учурда 500 млн сомго гана жетпей жатканын билдирди.

«Жалпысынан 95.7 млрд сом чогултулуп, пландан 104.2%га же 3.8 млрд сомго көп жыйналды. 2020-жылга салыштырмалуу 25.4 млрд сомго көбөйгөн. Биздин республикалык бюджеттин абалын эске алсак, бул жакшы көрсөткүчтөр», – деди Амангелдиев.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды