Индиялык «Дхарамшила Нараяна» клиникасы Бишкекте расмий өкүлчүлүгүн ачууну пландоодо

Индиялык «Дхарамшила Нараяна» клиникасы Бишкекте расмий өкүлчүлүгүн ачууну пландоодо

Индиялык «Дхарамшила Нараяна» клиникасы Бишкекте расмий өкүлчүлүгүн ачууну пландоодо. Бул тууралуу аталган клиниканын жетекчилиги КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда билдиришкен.

Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Нью-Дели шаарында «Индия – Борбордук Азия» диалогуна катышуунун алкагында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Индиянын алдыңкы кеңири профилдүү «Фортис» жана «Дхарамшила Нараяна» клиникаларынын жетекчилери менен жолугушуулары болуп өттү.

Жолугушуулардын негизги максаты Индия клиникаларында кыргызстандык бейтаптарды дарылоо шарттарын оптималдаштыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо жана карап чыгуу болду.

«Дхарамшила Нараяна» клиникасынын өкүлдөрү жакын арада Бишкекте расмий өкүлчүлүгүн ачуу пландары тууралуу маалымдашкан жана ошондой эле КРнын жарандарын жеткиликтүү баада дарылоону уюштурууга даяр экендигин билдиришкенин ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Казакбаев Индиянын «Фортис» жана «Дхарамшила Нараян» клиникаларынын жетекчилерин КРга чакырып, зарыл жардамды көрсөтүүгө, анын ичинде КР Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле КРнын кызыкдар мамлекеттик органдары жана бизнес коомчулугу менен жолугушууларды уюштурууга даяр экендигин белгиледи.

Тараптар медицина тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо жана талкууланган сунуштарды андан ары ишке ашыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнү макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө