Назира Абдиева

ЖК КР менен Корея өкмөтүнүн ортосундагы кошумча макулдашууну жактырды – бирок документте эмне жазылган?

ЖК КР менен Корея өкмөтүнүн ортосундагы кошумча макулдашууну жактырды – бирок документте эмне жазылган?

Бүгүн, 30-сентябрда ЖКнын жыйынында депутаттар «КР менен Корея өкмөтүнүн ортосундагы бекер жардам жөнүндөгү 2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган келишимге кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты. Бирок 20-сентябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында бул долбоорго депутаттар каршы болушкан эле. Экономика жана каржы министринин

Эскертүү – 1-ноябрдан баштап жол кире көтөрүлөт

Эскертүү – 1-ноябрдан баштап жол кире көтөрүлөт

Бишкек шаардык кеңешинин 28-сентябрдагы токтому менен борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысы ушул жылдын 1-ноябрынан баштап көтөрүлөт. Маршруткаларда жол киренин баасы – 15 сом Автобус жана троллейбустарда – 11 сомдон болот. Пенсионерлер менен мектеп окуучулары автобус жана троллейбустарда бекер жүрүшөт, ал эми маршруткаларда жол киренин 50%ын, тагыраак айтканда, 8 сомдон төлөшөт.

400 тонна жүгөрү талаада чирип кетүү коркунучунда турат

400 тонна жүгөрү талаада чирип кетүү коркунучунда турат

Дыйкандар КРдан жүгөрү экспорттоого мурда киргизилген тыюуну алып салууну суранышууда. Болбосо жүздөгөн тонна түшүм жөн эле чирип кетет. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРгы жүгөрү өстүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Шаршен Сыдыков билдирди. «Жүгөрү – Кыргызстандын эң кирешелүү түшүмү. Быйыл 115-118 миң гектар жерге үрөн себилген. Болжолдуу түшүм 650-700

Абдыгуловдун тушунда каржы системасында эмнелер өзгөрдү – сереп

Бизнес маек

Абдыгуловдун тушунда каржы системасында эмнелер өзгөрдү – сереп

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2014-жылдан бери иштеген кызматынан кетти. Бул мезгилде өлкөнүн финансы секторунда көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Economist.kg Улуттук банктын 2014-2021-жылдар аралыгындагы жумуштарынын эң маанилүү көрсөткүчтөрүн эске салат. * Акыркы сегиз жылдын ичинде орточо 4.5%ды түзгөн инфляциянын деңгээлин кармап тура алды * 2014-жылы акча-кредит саясатынын жаңы алкагына өтүп,

«Альянс Алтын» Талас облусунун экологиясын колдоого 9.7 млн сомдон ашык каражат бөлдү

«Альянс Алтын» Талас облусунун экологиясын колдоого 9.7 млн сомдон ашык каражат бөлдү

«Жерүй» кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы үстүбүздөгү жылдын II кварталында Талас аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгына 9.7 млн сомдон ашык үзгүлтүксүз берилчү экологиялык төлөмдөрдү төлөдү. Бул тууралуу компаниядан билдиришти. Мындан тышкары, компания атайын рекультивация фондуна 1 млн 215 миң сом өлчөмүндөгү ар айдагы пландалган төлөмдөрдү төлөгөн. 9-сентябрга карата атайын эсепте

КРнын жогорку жетекчилиги тогуз айда 96 млн сомго учушкан

КРнын жогорку жетекчилиги тогуз айда 96 млн сомго учушкан

Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин 9 ай ичинде (1-январдан 10-сентябрга чейин) авиабилеттерге кеткен чыгымы 96 млн сомдон ашты. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 млн сомго көп. Бул тууралуу OsOO.kg порталы жазып чыкты. Берилген маалыматка ылайык, рейстерди «Авиакомпания Эйр Кей Джи» ЖЧКсы аткарган. Литердик рейстерди президент, премьер-министр жана парламенттин спикери колдонушат.

11 жыл банк секторунда иштебеген адам Улуттук банктын төрагалыгына дайындалды

11 жыл банк секторунда иштебеген адам Улуттук банктын төрагалыгына дайындалды

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-сентябрдагы жыйынында «Кыргыз лото» мамлекеттик компаниясынын директорунун орун басары Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы кызматына дайындашты. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган. Буга чейин парламентте башка кызматка дайындалганына байланыштуу Толкунбек Абдыгуловдун Улуттук банктын төрагалыгынан ыктыярдуу отставкасын кабыл алышкан эле. Эске салсак, Кубанычбек Бөкөнтаев «Мамлекеттик лотерея компаниясынын»  директорунун

Өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөт

Өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөт

Өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг компаниясынын маалымат кызматынан «Биринчи радиого» билдиришкен. Ага ылайык, мындай чечим электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган. Мындай өчүрүүлөр Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана келе жаткан күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдөө максатында жүргүзүлөт.

Президент Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады

Президент Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов билдирди. Эске сала кетсек, кечээ Толкунбек Адбыгуловдун Улуттук банктын башчылыгынан кеткени белгилүү болду. Анын ордуна «Мамлекеттик лотерея компаниясынын»  директорунун мурдагы орун басары Бөкөнтаевдин келиши божомолдонууда. Тиешелүү документтер азыртан

Абылгазы Калбаев КРгы бизнес жана «Нукура» конфеттери тууралуу

Бизнес маек

Абылгазы Калбаев КРгы бизнес жана «Нукура» конфеттери тууралуу

Economist.kg финансылык басылмасы жаңы башталган бизнестер тууралуу тааныштырууну улантат. Бул жолу кум шекер кошулбаган, Кыргызстандын түштүк жергесиндеги кургатылган жер-жемиштерден жасалган таттуу «Нукура» конфеттери тууралуу болмокчу. «Нукура» брендинин негиздөөчүсү Абылгазы Калбаев Economist.kg сайтына өндүрүштөгү кыйынчылыктар, ишканасы, КРда бизнес баштоонун оң жана терс жактары тууралуу айтып берди. – Эмне үчүн дал

Кыргыз-Венгер фондунун башкаруу кеңешинин курамы дайындалды

Кыргыз-Венгер фондунун башкаруу кеңешинин курамы дайындалды

Бүгүн, 27-сентябрда КРнын Экономика жана финансы министринин орун басары Руслан Татиков Венгриянын КРгы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолугушту жана Фонддун Кеңешинин жана Башкармалыгынын курамы макулдашылып, бекитилди. Фонддун Кеңеши Фонддун ишмердүүлүгүнө стратегиялык башкарууну жүзөгө ашыруучу жогорку башкаруу органы болуп саналат. Фонддун Кеңешине кыргыз тараптан 3 өкүл жана

Dodo Pizza кыргызстандыктардын башкаруусунда Вьетнамдын рыногуна кирди

Dodo Pizza кыргызстандыктардын башкаруусунда Вьетнамдын рыногуна кирди

Россиялык Dodo Pizza пиццерия тармагы кыргызстандыктардын башкаруу алдында Вьетнамда иштей баштады. Аталган өлкөнүн эң чоң шаары Хошиминде эки пиццерия ачылды. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Федор Овчинников өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди. Пиццериялар июль айында эле иштей башташы керек болчу, бирок акыркы үч айдын ичинде Хошиминдеги «дүйнөдөгү эң катаал локдаун» киргизилгендиктен шаар