Назира Абдиева

2023-жылдан баштап жеке ишкерликти каттоо жана патентти берүүнү банктар жүргүзөт

Экономика

2023-жылдан баштап жеке ишкерликти каттоо жана патентти берүүнү банктар жүргүзөт

Салык кызматы көптөгөн сервистерин автоматташтырууну, айрым функцияларын банктарга жана мобилдик операторлордун тиркемелерине өткөрүп берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу 16-ноябрда Улуттук салык форумунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев билдирди. Дубанаевдин айтымында, келерки жылдан баштап төрт жаңы нерсе киргизилет жана алардын айрымдары азыртан эле тестирлөөдөн өтүп жатат: 1. Жеке ишкерликти электрондук

Бишкек мэри Кытайдан келе жаткан автобустарды чек арадан өтүүнү тездетүүнү суранды

Бишкек мэри Кытайдан келе жаткан автобустарды чек арадан өтүүнү тездетүүнү суранды

Борбор калаанын мэри КЭРдин КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэн айым менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар Кытайдан Бишкекке 120 автобус алып келүү маселесин талкуулашты. “Кытайда COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында киргизилген чектөө чараларына байланыштуу борбордун мэри чек арадан өтүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүү

«Каракол» эл аралык аэропорту 2023-жылдын аягына чейин ишке кирет

«Каракол» эл аралык аэропорту 2023-жылдын аягына чейин ишке кирет

«Каракол» эл аралык аэропортунда курулуш жана монтаждоо иштери кызуу жүрүп жатат жана аталган объектти 2023-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу  “Манас” эл аралык аэропортунун” (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди. Долбоордук-сметалык документтер тийиштүү мамлекеттик экспертизадан өткөн. “Бүгүнкү күндө аэропорттун жаңы бекетинин имараты курулуп башталды,

Баткен жана Оштун жабыркаган тургундарынын дээрлик 20 млн сомдук кредити жоюлду

Баткен жана Оштун жабыркаган тургундарынын дээрлик 20 млн сомдук кредити жоюлду

Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп, натыйжада, дээрлик 20 млн сомдук кредиттер жоюлду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. ФКУдан алынган маалыматтар боюнча, 2022-жылдын 10-ноябрына карата финансы-кредит уюмдарына (ФКУ) 443 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 19 млн 370 миң сом суммасында 280 кредит

Кемпир-Абад Өзбекстанга кетет - мыйзамды Жогорку Кеңеш ратификациялады

Кемпир-Абад Өзбекстанга кетет - мыйзамды Жогорку Кеңеш ратификациялады

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору үч окууда жактырылды. Депутаттар бир эле учурда үч окууда добуш беришти. «Макул» деп 64 депутат добуш беришсе, 19 депутат каршы болду. Жыйын президент

Бишкекте Кемпир-Абаддын жеринин Өзбекстанга берилиши боюнча нааразылык акция өтүүдө

Бишкекте Кемпир-Абаддын жеринин Өзбекстанга берилиши боюнча нааразылык акция өтүүдө

17-ноябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы нааразылык акция өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” билдирди. Маалыматка таянсак, жыйырма чакты киши Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырышты. Ушундай эле талап коюлган акция Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигинин алдында

Евробиримдик КРда таза суу жана таштандыларды башкаруу боюнча долбоорлорго 205 млн евро бөлөт

Евробиримдик КРда таза суу жана таштандыларды башкаруу боюнча долбоорлорго 205 млн евро бөлөт

Евробиримдик бөлгөн 100 млн евродон ашык каражат суу менен камсыздоону реконструкциялоого, катуу тиричилик таштандыларын чыгарууга жана Кыргызстандын энергетика тармагын колдоого 205 млн евро тартууга мүмкүндүк берди. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Евробиримдиктин КРдагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, өлкө боюнча жалпысынан 14 шаар жана 8 айыл аталган каржылык колдоодон пайдаланды.

Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы соода жүгүртүү быйыл 1.2 млн долларды түздү

Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы соода жүгүртүү быйыл 1.2 млн долларды түздү

2022-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 1 млн 255 миң долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4.2 эсе көп. Мындай маалыматты КРнын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов берди. Марипов Сауд Арабиясынын Тышкы соода-сатык иши башкы башкармалыгынын жетекчиси Мухаммад Аль-Абдульжаббар менен жолугушкан. “Жакынкы арада Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын

Эски үлгүдөгү ККМдерди колдонгондорго Жаңы жылдан баштап 23 миң сомдон айып салынат

Эски үлгүдөгү ККМдерди колдонгондорго Жаңы жылдан баштап 23 миң сомдон айып салынат

Жаңы талаптарга ылайык, фискалдык модулдук функциясы жок контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) 2022-жылдын 31-декабрына чейин гана колдонууга болорун Мамлекеттик салык кызматы эскертет. 2022-жылдын 1-майына чейин катталган жана колдонулуп жаткан ККМдин эски моделдери белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендиктен, аларды 2023-жылдын 1-январына чейин алмаштыруу (модернизациялоо) зарыл. 2023-жылдын 1-январынан тартып белгиленген техникалык талаптарга жооп бербеген

Кемпир-Абаддын астындагы жерди берсек, биздин картабыз 15.5 миң га жерге көбөйөт - Ташиев

Кемпир-Абаддын астындагы жерди берсек, биздин картабыз 15.5 миң га жерге көбөйөт - Ташиев

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору каралууда. Жыйында депутат Тазабек Икрамов сууну, жерди бийлик ратификация аркылуу документтештирип берип жатканын, Ташиев белгилегендей кийин сууну КР сатууну кааласа ал кантип жүзөгө

Ташиев: Сууну кааласак да сата албайбыз. Кемпирабадга биздин сууларыбыз топтолот жана ал Өзбекстанга кирип кетет. Болду

Ташиев: Сууну кааласак да сата албайбыз. Кемпирабадга биздин сууларыбыз топтолот жана ал Өзбекстанга кирип кетет. Болду

Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө КРнын министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору талкууланууда. Жыйын президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган

Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралууда. Түз эфир

Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралууда. Түз эфир

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору каралууда. Жыйынга президент Садыр Жапаров да катышууда. УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев баяндама жасады.