Эски үлгүдөгү ККМдерди колдонгондорго Жаңы жылдан баштап 23 миң сомдон айып салынат

Жаңы талаптарга ылайык, фискалдык модулдук функциясы жок контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) 2022-жылдын 31-декабрына чейин гана колдонууга болорун Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

2022-жылдын 1-майына чейин катталган жана колдонулуп жаткан ККМдин эски моделдери белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендиктен, аларды 2023-жылдын 1-январына чейин алмаштыруу (модернизациялоо) зарыл.

2023-жылдын 1-январынан тартып белгиленген техникалык талаптарга жооп бербеген ККМ салык органдары тарабынан мажбурлоо жолу менен эсептен чыгарылат.

КРнын мыйзамдарына ылайык, белгиленген талаптарга жооп бербеген ККМди пайдалангандыгы үчүн 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып каралган.

Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин колдонуудагы ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды