Гранттар жана кредиттер
Жогорку Кеңеш ЕРӨБ тарабынан «Кыргыз темир жолун» 11 млн еврого каржылоо долбоорун колдогон жок
Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз темир жолу» ишканасын 11 млн еврого каржылоо мыйзам долбоорун колдогон жок. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Такталгандай, мыйзам долбоорун биринчи окууда транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев алып чыкты. Анын айтымында, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу» долбоору