Саясат
Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди
Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 6-июнда, биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады. Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери 7-июнда тар жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары