Экономика
Пакистан менен Кыргызстан Карачи – Кашгар – Бишкек транспорт коридорун өнүктүрүүсүн талкуулашты
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын (УЛК) башкы директору Фаррух Шахзад Рао менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб билдирди. Шахзад Рао Карачи-Кашгар-Бишкек транспорт коридорун (Каракорам автожолу) жыл бою иштөөгө өткөрүү жана жакынкы күндөрдө Бишкекке транзиттик жүк менен биринчи автоколонна келүүсү пландалып жаткандыгы тууралуу маалымат