Жапалакта 1 жыл ичинде 2 кабаттуу жаңы бала бакча курулду

Жапалакта 1 жыл ичинде 2 кабаттуу жаңы бала бакча курулду

Кара-Суу районундагы Жапалак айылындагы бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталып, имарат 2 кабаттан туруп, кубаттулугу 75 орунга ылайыкташтырылган. Бул тууралуу Мамкурулуштун жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын айтымында, долбоорго ылайык, жаңы бакчада сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн атайын класстар, балдар үчун ыңгайлуу уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар бар. Ашкана, ага кошо жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу кампа, санитардык түйүндөр каралган. Мындан сырткары медициналык кабинет жана музыкалык сабактар бөлмөсү түзүлгөн.

Бала бакчанын аймагында балдар үчүн атайын жабдуулары менен оюн аянтчалары курулду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте №53 каттамды жаңы Yutong автобустары тейлей баштайт

Бишкекте №53 каттамды жаңы Yutong автобустары тейлей баштайт

Бүгүнтөн баштап, Бишкек шаарындагы №53 автобустун каттамын 12 жаңы Yutong үлгүсүндөгү автобус тейлей баштайт. Бул каттам “Чоң-Арык айылы (Семетей көчөсү) — айланма каттам” багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт. Бишкек шаардык мэриянын маалыматына ылайык, айланма жана жарым айланма каттамдарды өнүктүрүү Бишкек шаарынын каттамдык тармагын оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылууда.

Ишкер Media
Картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ысык-Көл облусунда жана Бишкектин ири базарларында картошканын бааларына мониторинг жүргүздү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, мониторингдин жыйынтыгы боюнча, Ысык-Көл облусунда картошканын чекене баасы килограммына - 30–40 сом экени белгилүү болгон. Ал эми Бишкек шаарында картошка төмөнкүдөй бааланууда: * “Аламүдүн” базары

Ишкер Media
ЖК энергетикалык суусундуктардын сатылышын иликтөө үчүн комиссия түздү

ЖК энергетикалык суусундуктардын сатылышын иликтөө үчүн комиссия түздү

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге сатылышын, алардын сапатын жана коопсуздугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Демилгени “Ынтымак – Мекенчил” депутаттык тобу көтөрүп, топтун жетекчиси Талант Мамытов тааныштырды. Комиссия энергетикалык суусундуктарды жана ден соолукка терс таасир этиши мүмкүн болгон азыктарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөлдүн

Ишкер Media
26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду

26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду

2026–2027-окуу жылына өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыгында 26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганада, алардын ичинен 14 стипендиат быйыл окуусун баштайт, дагы 12 жаран экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында билим алуусун улантат. Стипендия ээлери дүйнөнүн

Ишкер Media