Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгат – Транспорт министрлиги билдирди

Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгат – Транспорт министрлиги билдирди

Транспорт департаменти ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Такталгандай, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда жайгашып, быйыл 25-апрелде ишке киргизилген “Дыйкан” транспорттук көзөмөл пунктунда бүгүнкү күнгө чейин тартип бузган айдоочуларга 731 миң сомго айып пул жана жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу жыйымы салынган. Күнү-түнү иштеген пункттун жанында атайын автоунааларды токтотуучу жай да уюштурулуп, белгиленген ченемден ашык жүк жүктөгөн айдоочулардын андан ары жүрүүсүнө тыюу салынууда.

Мындан тышкары, айдоочулар ашыкча жүк жүктөп чыккан мекеме-ишканалардын ээлерине атайын эскертме кагаздар берилип жатат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга (жеке жактарга) 17.5 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып пул салынат.

Транспорт департаменти өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу аркылуу азыркы учурда кара алтын ташып жаткан айдоочуларды жана тиешелүү мекеме-ишканаларды жолдун талкаланышына жол бербөө максатында мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Ошондой эле транспорттук көзөмөл бардык аймактык башкармалыктар тарабынан күчөтүлүп, текшерүү иштери үзгүлтүксүз уланып жатканын билдирет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте №53 каттамды жаңы Yutong автобустары тейлей баштайт

Бишкекте №53 каттамды жаңы Yutong автобустары тейлей баштайт

Бүгүнтөн баштап, Бишкек шаарындагы №53 автобустун каттамын 12 жаңы Yutong үлгүсүндөгү автобус тейлей баштайт. Бул каттам “Чоң-Арык айылы (Семетей көчөсү) — айланма каттам” багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт. Бишкек шаардык мэриянын маалыматына ылайык, айланма жана жарым айланма каттамдарды өнүктүрүү Бишкек шаарынын каттамдык тармагын оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылууда.

Ишкер Media
Картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ысык-Көл облусунда жана Бишкектин ири базарларында картошканын бааларына мониторинг жүргүздү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, мониторингдин жыйынтыгы боюнча, Ысык-Көл облусунда картошканын чекене баасы килограммына - 30–40 сом экени белгилүү болгон. Ал эми Бишкек шаарында картошка төмөнкүдөй бааланууда: * “Аламүдүн” базары

Ишкер Media
ЖК энергетикалык суусундуктардын сатылышын иликтөө үчүн комиссия түздү

ЖК энергетикалык суусундуктардын сатылышын иликтөө үчүн комиссия түздү

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге сатылышын, алардын сапатын жана коопсуздугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Демилгени “Ынтымак – Мекенчил” депутаттык тобу көтөрүп, топтун жетекчиси Талант Мамытов тааныштырды. Комиссия энергетикалык суусундуктарды жана ден соолукка терс таасир этиши мүмкүн болгон азыктарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөлдүн

Ишкер Media
26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду

26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду

2026–2027-окуу жылына өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыгында 26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганада, алардын ичинен 14 стипендиат быйыл окуусун баштайт, дагы 12 жаран экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында билим алуусун улантат. Стипендия ээлери дүйнөнүн

Ишкер Media