Кыргызстан 99.5 тонна жайыт үрөнүн сатып алды – алар кунарсыз жайыттарды жакшыртууга жумшалат

Кыргызстан 99.5 тонна жайыт үрөнүн сатып алды – алар кунарсыз жайыттарды жакшыртууга жумшалат

Кыргызстан Кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Россиядан 99 тонна 500 кг жайыт үрөнү сатып алынып, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан айыл өкмөт, жайыт комитеттерине таратылып берилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Учурда климаттык шартка жараша себүү графиктери түзүлүп, үрөндөрдү себүү иштери жүрүп жатат. Республика боюнча 2432 га жайыт аянтына үрөн себилип, 24%га аткарылды. Облустар боюнча алып караганда:

·         Нарын облусу - 112 га,

·         Ош облусу - 972 га,

·         Жалал-Абад облусу - 469 га,

·         Ысык-Көл облусу - 854 га,

·         Чүй облусу- 25 га.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болгон курулуштар алынды

Манас шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болгон курулуштар алынды

Манас шаарында Ботбаев көчөсүндө курулуп жаткан тротуарга тоскоолдук жараткан өз алдынча курулган үч чарба курулушу жана бир дубал буздурулду. Калаа жетекчилигин басма сөз кызматы билдиргендей, иштер жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле жанжолдун курулушун үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн аткарылды. Шаар аймагында тургундардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иштер мындан ары да

Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Кореядагы Элчиси болуп дайындалды

Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Кореядагы Элчиси болуп дайындалды

Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, дайындоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык жүргүзүлдү. Буга чейин Президенттин Жарлыгы менен Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу

Борбордо №88 мектептин 500 орундуу жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында

Борбордо №88 мектептин 500 орундуу жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы №88 жалпы билим берүү мектебине 500 орундуу жаңы окуу имараты курулуп, учурда иш аяктоо алдында турат. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, ал заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу мекеме болот. Анын жалпы аянты 5525 чарчы метрди түзөт. Долбоордун алкагында окуучулар

Жыл башынан бери баалар 5,5% өстү: эң көп эт, жемиш жана кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады

Жыл башынан бери баалар 5,5% өстү: эң көп эт, жемиш жана кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады

Кыргызстанда 2026-жылдын I жарым жылдыгында керектөө баалары жана тарифтер 5,5% өстү. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь-июнь айларында керектөө баалары 4% өскөн. Быйылкы жылдын биринчи кварталында баалар 3,3%га, экинчи кварталында 2,2%га жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты. Кайсы азык-түлүктөр кымбаттады? Жыл башынан