Акылбек Жапаров кытай делегациясын кабыл алды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шаньдун провинциясынын Элдик өкмөтүнүн тышкы иштер боюнча Канцеляриясынын жетекчиси Цай Сяньцзин башында турган кытайлык делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле, делегациянын курамына «Zhongtong Bus» компаниясынын башкы директору Пэн Фэн жана «Zhongtong Bus Overseas» Marketing компаниясынын башкы директору Чжу Юнху жана