Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругу менен 2024-жылга өндүрүштүк календарь жана жумуш убактысынын ченеми бекитилди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
2024-жылы эки күндүк дем алыш күндөр менен беш күндүк иш жумасынын иш күндөрү 250 күндү түзөт.
Анын ичинде 8 майрам алдындагы күндөр, 104 дем алыш күн, жумуш эмес майрам күнү дем алыш күнгө туш келгениен байланыштуу 4 кошумча эс алуу күндөрү - 8-январь, 8-апрель, 6-май жана 2-сентябрь.
Ай календары боюнча аныкталуучу «Орозо-Айт» жана «Курман-Айт» майрамдарын эске албаганда, 12 майрам күн.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media