Кыргызстанда мал базарлардын жарымы гана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет
![Кыргызстанда мал базарлардын жарымы гана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет](/content/images/size/w1200/2023/08/63bba78b9359c-thumb.jpg)
Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 мал базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, базарлардын ичинен 22си ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. 23 мал базардын ээсине райондук ветеринардык башкармалыктар тарабынан көрсөтмөлөр берилген.
Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 13 мал базарга 109 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.