Экономика
1-июлдан тартып маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат – Салык кызматы
2023-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Салык кызматы эскертти. Буга төмөнкү товарлар кирет: • ТЭИ ТН 2203 товардык позициясына кирген сыра (куюлган жана куюлбаган); • электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук (ТЭИ ТН 2404); • бир