Улуттук банк төлөм системасына лицензия берди
Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 21-июнундагы токтому менен «Азия Пэймент Солюшн» жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензиялар берилди. Бул тууралуу КРУБнын маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, системага төмөнкү лицензиялар берилди:
• үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна;
• өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия.