Ысык-Көл облусу менен КНРдын СУАР аймагы туризм тармагы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Чынгыз Керимбеков
Ысык-Көл облусу менен КНРдын СУАР аймагы туризм тармагы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

27-июнь күнү Ысык-Көл облусуна Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень келди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Облус жетекчиси Илияз Иманбетов Кытай элчиси менен облустагы бир катар маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Анда эки өлкө ортосундагы карым-катнаш, өзгөчө Ысык-Көл облусу менен Кытайдын СУАР аймагы ортосундагы алака, андагы экономикалык, айыл чарба багыты, туризм тармагы боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Элчи айым иш сапарынын алкагында Түп районунун Чоң-Сары Кыр жана Чар-Кудук жайлоолорунда ачылыш аземи болгон жайлоо бала бакчаларына барды.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости