Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF тарабынан кардарларды коргоо принциптерине шайкештиктин алтын сертификатын алды.

Кардарларды коргоо компаниялардын социалдык жоопкерчилигинин негизи болуп саналат, ошол себептен Компаньон Банкы кардарлардын муктаждыктарын гана канааттандырбастан, алардын жыргалчылыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон финансылык кызматтарды түзүүгө умтулат. Банктын өнүмдөрү жана кызматтары кардарларга күнүмдүк муктаждыктарын чечүүгө, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана максаттарына жетүүгө жардам берет. 

Ал эми мунун далили CERISE+SPTF тарабынан ийгиликтүү аяктаган көз карандысыз сертификация болуп саналат, ал кардарларды коргоо принциптерине шайкеш келерин тастыктайт.  Компаньон Банкы алтын сертификатка ээ болду – бул Банк кардарлардын укуктарын коргоо жаатындагы эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны кармангандыгын тастыктаган эң жогорку баа.  Клиенттерди коргоо жолу (Client Protection Pathway) финансылык мекемелер кардарларды коргоо үчүн зарыл болгон практикаларды ишке ашыруу жана жетишилген ийгиликтер жөнүндө инвесторлорду маалымдоо үчүн жасай турган кадамдарды сүрөттөйт.

Кардарларды коргоонун 8 принциби бар, CERISE+SPTF аудитти ошол принциптердин негизинде жүргүзөт. Жана «Компаньон Банкы» бардык категориялар боюнча шайкештигин далилдеди, атап айтканда:

  1. Тийиштүү дизайн жана өнүмдөрдү сунуштоо: Компаньон Банкы кардарлардын муктаждыктарына так дал келген финансылык өнүмдөрдү  иштеп чыгат.
  2. Ашыкча карыздын алдын алуу: Компаньон Банкы кардарлардын ашыкча карызга батпашы үчүн чараларды көрөт.
  3. Ачыктык: Кардарлардын негизделген чечимдерди кабыл ала алышы үчүн, каржылык өнүмдөрдүн бардык шарттары жана талаптары толук ачык-айкын  болушун камсыздайт.
  4. Жоопкерчиликтүү баа түзүү: Кызматтары үчүн адилеттүү жана акылга сыярлык тарифтерди белгилейт. 
  5. Адилеттүү жана сый мамиле: Ар дайым кардарларды урматтоо жана адилеттүүлүк менен мамиле кылат.
  6. Маалыматтын купуялыгы: Кардарлардын маалыматтарынын купуялыгын жана коопсуздугун коргойт.
  7. Даттанууларды чечүү механизмдери: Кардарларга маселелерди тез жана ыңгайлуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн даттанууларды чечүүнүн эффективдүү механизмдерин камсыз кылат.
  8. Башкаруу жана персонал: Башкаруу жана кадр саясатында кардарлардын укуктарын коргоого багытталган мыкты тажрыйбаларды ишке ашырат. 

Алтын сертификатты алуу Компаньон Банкынын кардарлары көрсөтүлүүчү финансылык кызматтардын коопсуздугуна жана адилеттүүлүгүнө ишене аларын тастыктайт. Бул Банкка болгон ишенимди бекемдеп, узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга өбөлгө түзөт. Компаньон Банкы кардарлардын укуктарын жана социалдык жоопкерчилигин коргоо тармагындагы эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбага таянат.

CERISE+SPTF – бул социалдык жана экологиялык өндүрүмдүүлүктү башкаруу тармагында дүйнөдөгү эки алдыңкы эксперттик уюмдарды бириктирген биргелешкен ишкана. 2005-жылы негизделген Social Performance Task Force (SPTF) социалдык жоопкерчиликти жана туруктуу өнүгүүнү көздөгөн финансылык мекемелер үчүн маанилүү инструмент катары кызмат кылган Социалдык жана экологиялык өндүрүмдүүлүктүн универсалдуу стандарттарын иштеп чыгып, үзгүлтүксүз жаңыртып турат.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Орусияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Орусияга барат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 17-19-июнда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына жумуш сапары менен барат.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, иш сапардын алкагында МинКаб башчысы маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү боюнча Эл аралык конференцияга катышат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумуна катышты

Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумуна катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ташкент дагы бир жолу аймактын келечеги үчүн конкреттүү чечимдерди талкуулоочу аянтчага айланганын белгиледи.  “Кыргызстан тоо-кен, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча

17-20-июнда Бишкектин негизги көчөлөрү убактылуу жабылат

17-20-июнда Бишкектин негизги көчөлөрү убактылуу жабылат

Бишкекте 17-20-июнь күндөрү Фучик, Чүй, Манас, Абдрахманов, Ахунбаев жана Жибек Жолу проспектилеринде маал-маалы менен унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын маалыматына караганда,борбор калаада КМШ мамлекеттеринин ИИМ жетекчилеринин VI кеңешмеси өтөт. Мындан улам аталган көчөлөрдө коомдук тартип жана жол кыймылынын коопсуздугу тынымсыз көзөмөлгө алынып турат.

Камчыбек Ташиевдин күйөө баласы кармалды

Камчыбек Ташиевдин күйөө баласы кармалды

УКМКнын мурдагы кызматкери Азамат Дыйканбаев кармалып, камакка алынды. Аскер прокуратурасынын маалыматына таянсак,  Д. А. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4.4 бөлүгү ("Кызмат абалынан пайдалануу менен алдамчылык кылуу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Маалыматка ылайык, ал УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы, тагыраагы, күйөө