Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумуна катышты

Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумуна катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ташкент дагы бир жолу аймактын келечеги үчүн конкреттүү чечимдерди талкуулоочу аянтчага айланганын белгиледи. 

“Кыргызстан тоо-кен, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууга дайым даяр. Бүгүнкү күндө Борбор Азия Евразиядагы эң келечектүү аймактардын бирине айланууда. Акыркы жылдары региондун өлкөлөрү саясий диалогдун жана экономикалык кызматташтыктын жогорку деңгээлин көрсөтүштү. Ишенимдүүлүктүн, жакшы коңшулаштыктын жана биргелешип өнүгүүнүн жаңы мейкиндиги пайда болууда, бул бүткүл аймактын инвестициялык жагымдуулугун олуттуу жогорулатат”, – деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев. 

Ал эми өз сөзүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын борбору жогорку мамлекеттик расмий кызмат адамдарынын, дүйнөдөгү ири корпорациялардын жетекчилеринин, эл аралык каржы институттарынын аренасына айланганын айтып, форумга катышуу үчүн келген конокторго ыраазычылык билдирди. 

Мындан тышкары Албаниянын президенти, ошондой эле Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия , Тажикстандын өкмөт башчылары жана башка мамлекеттердин жогорку расмий кызмат адамдары өз мамлекеттериндеги инвестициялык потенциалдары жөнүндө баяндашты, бир катар эл аралык уюмдар менен дүйнөлүк ири каржы институттарынын өкүлдөрү катышты. 

Маалыматтар боюнча, Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна жалпы 100дөн ашуун мамлекеттен экономиканын реалдуу секторунан 4 миңге жакын чет элдик делегат жана 8 миңден ашуун катышуучу катталган. Анда 42 трлн доллар активдери бар компаниялар чогулган.

Адистердин белгилөөсүндө, Ташкент эл аралык инвестициялык форуму – Ташкент үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн масштабдуу окуялардын бири. Форумдун программасына мамлекеттик кызмат адамдарынын деңгээлиндеги пленардык сессиялар, эксперттик талкуу жүргүзгөн жолугушуулар, панелдик сессиялар, тегерек столдор жана B2B сүйлөшүүлөр кирген. Анын алкагында алар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана башка көптөгөн тармактарда эки тараптуу жана көп тараптуу практикалык кызматташуу маселелери талкуулап, инвестициялык келишимдерге кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

2026-жылдын 7 айында борбор калаада 1114 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлүп, алардын 986сы окуусун аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын катарында A.N.B. окуу борборунда "Кеңири профилдеги чач тарач" адистиги боюнча билим алган 47 адам бар. Бүтүрүүчүлөргө

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

27-августтан баштап өлкөнүн бир нече аймактарында дрон учурууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Маалым болгондой, чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу. 27-августтан 10-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында дрон колдонууга чектөө

Кыргызстанда жолдорду кышка даярдоо иштери күчөтүлөт

Кыргызстанда жолдорду кышка даярдоо иштери күчөтүлөт

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде аппараттык жыйын өтүп, анда өлкөдөгү автомобиль жолдорунун абалы, күз-кыш мезгилине даярдык жана жол оңдоо иштеринин жүрүшү талкууланды. Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Талантбек Солтобаев кыш мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыз кылуу үчүн даярдык иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Тиешелүү жетекчилерге кышка керектүү туз

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов кырсыктан улам чыгымга учураган жарандарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму берген камсыздандыруу кенемтелерин тапшырды. Аймактын мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, 27-июнда катуу шамалда үйүнүн чатыры жабыркаган Жекенди айылынын тургуну Ж. Өмүрзаковго 50 миң сомдук, ал эми 29-июлда турак жайында өрт чыккан Н. Ормоновго 400 миң