Кыргызстанда 300 миң сомго чейин күрөөсүз насыя берилет

Кыргызстанда 300 миң сомго чейин күрөөсүз насыя берилет

Кыргызстанда бизнес 300 миң сомго чейин күрөөсүз насыя алса болорун Финансы министрлигинин ишкерликти өнүктүрүү фондунун кредиттик бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Сакенов билдирди. 

Анын айтымында, фонд мындай насыяларды өндүрүш секторуна, кол өнөрчүлүк багыттарга жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө берет. Каражаттык колдоо биринчи кезекте экспортко ыктаган ишкерлерге сунушталат. Программанын максаты  – жумуш орундарын түзүу жана ички өндүрүштү стимулдаштыруу.  Сакеновдун билдиришинче, бул каржылоону банк менен иштөө тажрыйбасы жоктор дагы ала алышат. 

“Эң негизгиси салык кызматында катталып, ишкерлик патент же күбөлүк алыш керек. Бизде коммериялык банктардагыдай арыз берүүчүнүн узак мөөнөттүү ишмердүүлүк тажрыйбасы болуш керек деген талап жок”,-дейт ал. Буга улай ал документтердин толук пакети берилгенден кийин арыз беш күн ичинде каралат. 

“Арыз берүүдө каттоо тууралуу документтерди, киреше тууралуу маалымат, ошондой эле сырьену сатып алуу жана кайра иштетүү жайларынын дареги көрсөтүлүшү керек. Биздин эксперттер ошол жакка барып арыз берүүчүнүн ишмердүүлүгүн баалайт”,-дейт Сакенов. 

Фонддун шарты боюнча 300 миң сом кредит күрөөсүз, 500 миң сомго чейин – жөнөкөйлөтүлгөн кепилдик менен берилет, а 500 миңден 5 млн сомго чейин кыймылсыз мүлк түрүндө камсыздоо талап кылынат.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу