Банктар бирикмеси - банктык карталарды колдонуу коопсуздугун эске салат

Банктар бирикмеси - банктык карталарды колдонуу коопсуздугун эске салат

Кыргызстан банктарынын бирикмеси тааныш эмес сайттарда төлөм карталары менен операцияларды өткөрүүдөн баш тартууну жана төлөм жүргүзүлүүчү ресурстарды кылдаттык менен изилдөөнү сунуштайт.

Маалыматка ылайык, интернет тармагында жана социалдык тармактарда банктык карталарды колдонуу аркылуу алдамчылыктын бир түрү күч алууда. Алдамчылар колдонуучуларга ар түрдү сурамжылоолорго же сыйлык ыйгарылуусуна  кепилдик берген утуштарга катышууну сунуш кылып жатышат. Сурамжылоого катышуу үчүн картанын жеке маалыматын киргизүү жана комиссияны төлөө талап кылынат.

Ошондой эле маалыматта товар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн онлайн төлөм өткөрүүдө төмөнкү коопсуздук чараларын сактоо сунушталат:

– төлөмдөрдү белгилүү дүкөндөрдүн сайттарынан же текшерилген интернет-ресурстардан өткөрүү;
– адатта төлөм жүргүзүлө турган операцияларын санына / суммасына чектөө коюу;
– интернет-банкинг жана смс-кабарлоону туташтыруу;
– төлөм жүргүзүлүп жаткан түзмөктөрдө антивирустук программалардын өз убагында жаңыртылышын көзөмөлдөө;
– банктык картанын берилмелерин үчүнчү жактарга бербөө;
– белгисиз адамдардын суроо-талабына жооп катары каражаттарды которбоо жана чегербөө.

Банктык карталарды колдонууда коопсуздук чараларын сактоо, картадагы акча каражаттардын сакталышын камсыз кылат!

Мындан тышкары окуңуз

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы товарларды бажылык тариздөөсүз мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктады. Нарын шаарында убактылуу сактоого коюлган 18 тонналык майдалагыч жабдуу тиешелүү төлөмдөрү төлөнө электе эле ишкана тарабынан орнотулуп, пайдаланылып жаткандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле "Ч.Ю." жана "Д.Д." компаниялары жооптуу сактоодо

Россияда ири маркетплейстер текшерилип жатат

Россияда ири маркетплейстер текшерилип жатат

Өткөн жылдын аягынан бери Россиянын Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык кызматы  Wildberries, Ozon жана Яндекс Маркет сыяктуу ири маркетплейстерге масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Тийиштүү тапшырманы 2025-жылдын 10-декабрында Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова берген. Бул документ менен "Коммерсантъ" басылмасы таанышкан, ал эми анын чын экенин жогоруда аталган

Кыргызстанда 34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталды

Кыргызстанда 34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев буга чейин бийик тоолуу аймактарга кирген айылдарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн Өткөөл мезгил жөнүндө убактылуу жобо бекитүү тууралуу токтомго кол койду. Документтин нускамасында Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 692 токтому менен бийик тоолуу зоналарда жайгашкан айылдардын тизмеси бекитилгени белгиленген. Ага ылайык, кыргыз өкмөтүнүн 1997-жылдагы № 377

Кыргызстанда 2025-жылы интернет шылуундар 826,4 млн сомду алдап алышкан

Кыргызстанда 2025-жылы интернет шылуундар 826,4 млн сомду алдап алышкан

Кыргызстанда ушул тапта дроппер иши боюнча 171 кылмыш иши козголуп, 226 адам дропперлик кылган деп шек саналып жатканын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеӊештин 12-марттагы отурумунда айтты. Ал айрымдар сим-картасы же банк эсеби шылуундук иштерге колдонуларын билип туруп сатып жиберген учурлар бар экенин кошумчалады. Анын сөзүнө караганда,