КРУБ 2 төлөм уюмуна жана акча алмаштыруу бюролоруна айып пул салды

КРУБ 2 төлөм уюмуна жана акча алмаштыруу бюролоруна айып пул салды

КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаарында жайгашкан 2 төлөм уюму жоопко тартылды. Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиргендей, эки төлөм уюмуна жалпы суммасы - 220 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле КР мыйзамдарын жана Улуттук банктын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн  Бишкек шаарындагы бир алмаштыруу бюросуна жана Ош шаарындагы бир алмашуу бюросуна (ар бирине)  55000 сомдон айып пул салынды.

Билдирүүгө караганда, мындан сырткары Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын үч жаранына,  ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Үч Коргон ГЭСинде гидроагрегаттарды модернизациялоо уланууда

Үч Коргон ГЭСинде гидроагрегаттарды модернизациялоо уланууда

Энергетика министрлигинин генерацияны жогорулатуу боюнча тапшырмасына ылайык эскирген ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул багытта Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери уланууда, ал жерде жаңы гидроагрегат орнотууга даярдык көрүлүп жатат. Долбоордун алкагында негизги жабдуулардын көпчүлүгү станциянын кампасына жеткирилген. Бүгүнкү күндө №2 гидроагрегат үчүн керектүү жабдуулардын 47,3%ы келип түшкөн. Учурда №2

Чүй жана Талас облустарында темир-бетон буюмдарды жасоочу цех курулат

Чүй жана Талас облустарында темир-бетон буюмдарды жасоочу цех курулат

Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформасынын алкагында, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКы өздүк каражатынын эсебинен Талас жана Чүй облустарында темир-бетон буюмдарын жасоочу цехти ишке киргизүүнү пландаштырып жатканын ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады. Учурда темир-бетон буюмдарын жасоочу цехтин жерлери такталып, долбоору чийилип, тендер аркылуу куруучу фирма аныкталып, тиешелүү документтер даярдалып

Быйыл 1 825 адам "Социалдык келишим" программасына катышууга арыз жолдоду

Быйыл 1 825 адам "Социалдык келишим" программасына катышууга арыз жолдоду

11-мартка карата республика боюнча "Социалдык келишим" программасына катышуу үчүн 1 825 арыз келип түшкөнүн Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда 607 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн, мында долбоорлордун эң көп саны айыл чарба тармагында (341 келишим) ишке ашырылууда. Министрликте белгилешкендей, 2026-жылы

Өлкөдө 1 250 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда

Өлкөдө 1 250 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда

Быйылкы жылдын түшүмү үчүн Кыргызстан боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1 250 миң гектарды түзөрү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын ичинен 818 миң гектары сугат жерлер, ал эми 432 миң гектары кайрак жерлер болуп саналат. Учурда жазгы талаа иштери өлкөнүн түштүк аймактарында (Ош, Жалал-Абад, Баткен