БАПК банк өкүлдөрүнө улуттук төлөм системасындагы акыркы жаңылоолорду тааныштырды

БАПК банк өкүлдөрүнө улуттук төлөм системасындагы акыркы жаңылоолорду тааныштырды

2025-жылдын 19-ноябрында «Банктар аралык Процессинг Борбору» (БАПК) өлкөнүн бардык банктары жана финансы-кредиттик мекемелеринин өкулдөрү үчүн окуутуучу ишчара өткөрдү.

Аталган борбордун басма сөз кызматынан маалымдагандай, жолугушууда ФКУ өкүлдөрүнө улуттук төлөм системасындагы жаңылануулар тууралуу маалымат берилип, тажрыйба жүзүндө алардын иши көрсөтүлдү. Сессия алгач “Элкарт+” картасынын презентациясы менен ачылып, анда БАПК өкүлдөрү катышуучуларга Элкарт+ картынын негизги артыкчылыктары жана эмне үчүн ал барган сайын популярдуу болуп бара жаткандыгы тууралуу айтып беришти. Андан соң адистер техникалык темаларга кайрылышып, катышуучуларга өз ара аракеттенүү оператору ELQR кандай иштээри, виртуалдык карталар эмне үчүн керектиги жана алар кандай мүмкүнчүлүктөрдү ача алаары тууралуу түшүндүрүштү.

Мындан сырткары улуттук төлөм карт "Элкарт" карталарын тейлөө географиясынын кеңейиши жана анын артыкчылыктары тууралуу кеңири талкуулашты. Ишчаранын жыйынтыгында, накталай эмес төлөмдөрдү тез жана ыңгайлуу кылган NFC-инструменттеринин технологиялары демонстрациясы болду.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көл облусунда таштандыдан электр энергиясын ала турган заводдор курулат

Ысык-Көл облусунда таштандыдан электр энергиясын ала турган заводдор курулат

Ысык-Көл облусунда желим баштыктарга чектөө киргизүү, аларды жок кылуу жана таштанды полигондорундагы абал тууралуу "Эко Деми" фондунун президенти Айжан Чыныбаева "Биринчи радионун" түз эфиринде айтып берди. Чыныбаева желим баштыктарды колдонууну чектөө зарыл экенин, бирок аны ишке ашыруу татаалдыгын белгилейт. Ошондой эле ал желим баштыктардын зыянын эске

Үч-Коргон ГЭСинде гидроагрегаттарды модернизациялоо уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде гидроагрегаттарды модернизациялоо уланууда

Энергетика министрлигинин генерацияны жогорулатуу боюнча тапшырмасына ылайык эскирген ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул багытта Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери уланууда, ал жерде жаңы гидроагрегат орнотууга даярдык көрүлүп жатат. Долбоордун алкагында негизги жабдуулардын көпчүлүгү станциянын кампасына жеткирилген. Бүгүнкү күндө №2 гидроагрегат үчүн керектүү жабдуулардын 47,3%ы келип түшкөн. Учурда №2

Чүй жана Талас облустарында темир-бетон буюмдарды жасоочу цех курулат

Чүй жана Талас облустарында темир-бетон буюмдарды жасоочу цех курулат

Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформасынын алкагында, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКы өздүк каражатынын эсебинен Талас жана Чүй облустарында темир-бетон буюмдарын жасоочу цехти ишке киргизүүнү пландаштырып жатканын ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады. Учурда темир-бетон буюмдарын жасоочу цехтин жерлери такталып, долбоору чийилип, тендер аркылуу куруучу фирма аныкталып, тиешелүү документтер даярдалып

Быйыл 1 825 адам "Социалдык келишим" программасына катышууга арыз жолдоду

Быйыл 1 825 адам "Социалдык келишим" программасына катышууга арыз жолдоду

11-мартка карата республика боюнча "Социалдык келишим" программасына катышуу үчүн 1 825 арыз келип түшкөнүн Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда 607 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн, мында долбоорлордун эң көп саны айыл чарба тармагында (341 келишим) ишке ашырылууда. Министрликте белгилешкендей, 2026-жылы