Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппарат кызматкерлерине финансылык сабак өткөрүлдү

Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппарат кызматкерлерине финансылык сабак өткөрүлдү

Калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу максатында КРнын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлерине окутуучу көчмө семинар өткөрдү.

Семинардын жүрүшүндө улуттук валютанын калыптануу тарыхы, акчага аяр  мамиле кылуу, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, эсептешүүлөрдө QR-кодду колдонууну жайылтуу тууралуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле «Түндүк» тиркемеси  аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салууну активдештирүү жана чектөөнү алып салуу боюнча маалымат берилип, жол-жобосу тажрыйба жүзүндө көрсөтүлдү.

Мындан тышкары катышуучуларга киберкоопсуздук эрежелери, кибер коопсуздуктан коргонуу ыкмалары, алдамчылык иш-аракеттерге каршы сактык чаралары  боюнча да маалыматтар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Депутат Гуля Кожокулова парламент жыйынында насыя боюнча күрөөнүн суммасын атайылап төмөн баалоону банктардын тузагы деп атады. Анын айтымында, күрөө мүлкү рыноктогу чыныгы баасына ылайык бааланбайт. "Жарандар катуу шарттарга туш болуп, насыяларын белгиленген мөөнөттө төлөй албай калышат. Канча тагдыр талкаланды, канча адам өз жанын кыйды! Коммерциялык банктардын жоопкерчилигин да караш

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы товарларды бажылык тариздөөсүз мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктады. Нарын шаарында убактылуу сактоого коюлган 18 тонналык майдалагыч жабдуу тиешелүү төлөмдөрү төлөнө электе эле ишкана тарабынан орнотулуп, пайдаланылып жаткандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле "Ч.Ю." жана "Д.Д." компаниялары жооптуу сактоодо

Россияда ири маркетплейстер текшерилип жатат

Россияда ири маркетплейстер текшерилип жатат

Өткөн жылдын аягынан бери Россиянын Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык кызматы  Wildberries, Ozon жана Яндекс Маркет сыяктуу ири маркетплейстерге масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Тийиштүү тапшырманы 2025-жылдын 10-декабрында Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова берген. Бул документ менен "Коммерсантъ" басылмасы таанышкан, ал эми анын чын экенин жогоруда аталган

Кыргызстанда 34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталды

Кыргызстанда 34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев буга чейин бийик тоолуу аймактарга кирген айылдарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн Өткөөл мезгил жөнүндө убактылуу жобо бекитүү тууралуу токтомго кол койду. Документтин нускамасында Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 692 токтому менен бийик тоолуу зоналарда жайгашкан айылдардын тизмеси бекитилгени белгиленген. Ага ылайык, кыргыз өкмөтүнүн 1997-жылдагы № 377