Салык кызматы е-отчеттордон салыкты төлөө функциясын киргизди

Салык кызматы е-отчеттордон салыкты төлөө функциясын киргизди

cabinet.salyk.kg  сайтынын “Салык төлөөчү” кабинетинде жана  Salyk колдонмосунда салыктарды электрондук отчеттердон түздөн-түз төлөп коюучу функциялар киргизилди. 

Бул жаңы функция реквизиттерди толтурууда каталарды кетирбөөгө жана ишкерлердин убактысын үнөмдөөгө багытталган. Эми система тапшырылган документте көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө төлөм суммасын түзөт. Колдонуучу мурдагыдай талааларды толтуруп, цифраларды колго терип отурбайт. 

Бул кызматты кантип колдонсо болот?

1. Cabinet.salyk.kg.порталына кирет;

2.    “Е-отчеттор” бөлүмүнөн “Электрондук журналдар отчетторду” ачат.

1.    “Аракеттер” кнопкасын басып, "Төлөө” пунктун тандайт. 

2.    Система варианттарды сунуштайт: төлөм кодун түзүү, QR-код же төлөмдү банк картасы менен жүргүзүү.

Salyk колдонмосу аркылуу кантип төлөнөт?

1.    “Е-отчеттор” бөлүмүнө кирип, журналдарды тандайт.

2.    “Төлөө” кнопкасын басат. 

3.    Банктык колдонмолор тизмеси чыгат. Өзүнүн банкын тандайт жана система deep link аркылуу транзакцияны бышыктоо үчүн электрондук капчыкка багыттайт. 

Функция бардык салыктык формаларга жеткиликтүү, бирок айрым өзгөчөлүктөр бар. Ушул тапта төмөндөгү отчеттор үчүн түз төлөө жүргүзүлбөйт:

  • FORM STI-161 (киреше салыгы менен социалдык камсыздандыруу);
  • *FORM STI-176 (пайдалуу кендерди изилдөө жана издөө үчүн лицензияларды кармап туруу жыйымы) 
  •  FORM STI-177 (кен байлыктарды иштетүүгө лицензияларды кармап туруу төлөмү)  

Иштеп чыгуучулар жогоруда көрсөтүлгөн формалар үчүн да төлөө функцияларын иштеп чыгуу үстүндө иштеп жатышат.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандан Өзбекстанга — комиссиясыз: DemirBank акча которууларды жеңилдетет

Кыргызстандан Өзбекстанга — комиссиясыз: DemirBank акча которууларды жеңилдетет

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы акча которуулар DemirBankтын кардарлары үчүн дагы жеткиликтүү болду.  Эми Uzum Bank, Humo жана Uzcard карталарына акча каражаттарын комиссиясыз жөнөтүп, заматта которууга болот. Өзбекстандагы туугандарыңызга акча жөнөтүү, жакындарыңызга күнүмдүк чыгымдары үчүн жардам берүү же жеке муктаждыктар үчүн каражат которуу эми смартфон аркылуу оңой аткарылат.  DemirBankтын кардарларына которуу

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 53,9 чакырым тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 53,9 чакырым тор чыгарылды

2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 53,9 чакырымды түзгөн 539 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана 1,44 тонна таштанды чыгарылды.Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштери президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында

Ишкер Media
Ош - Кара-Суу унаажолу 4 тилкелүү болуп кеңейтилүүдө

Ош - Кара-Суу унаажолу 4 тилкелүү болуп кеңейтилүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош – Кара-Суу унаажолун кеңейтүү жана жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Маалыматка караганда, жалпы узундугу 18 чакырым 690 метр болгон жол тилкеси толугу менен жаңыланып, төрт тилкелүү болот. Ал эми жолдун туурасы 22 метрге чейин кеңейтилет. Унаажол эл аралык маанидеги транспорттук каттамдардын бири болуп саналат. Ошондуктан

Ишкер Media
Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында №69 кесиптик лицейине барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министр анда окуу жайдын инженердик-педагогикалык кызматкерлери жана окуучулары менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин укту. Ошондой эле эмгек акыны жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу

Ишкер Media