Кыргызстандан Өзбекстанга — комиссиясыз: DemirBank акча которууларды жеңилдетет
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы акча которуулар DemirBankтын кардарлары үчүн дагы жеткиликтүү болду. Эми Uzum Bank, Humo жана Uzcard карталарына акча каражаттарын комиссиясыз жөнөтүп, заматта которууга болот.
Өзбекстандагы туугандарыңызга акча жөнөтүү, жакындарыңызга күнүмдүк чыгымдары үчүн жардам берүү же жеке муктаждыктар үчүн каражат которуу эми смартфон аркылуу оңой аткарылат. DemirBankтын кардарларына которуу жүргүзүү үчүн банк бөлүмүнө баруунун жана документтерди толтурууга убакыт коротуунун кажети жок: бардык процесс онлайн жүргүзүлөт жана кызмат күнү-түнү жеткиликтүү.
Акча которууну кантип жүргүзүү керек?
- DemirBank мобилдик тиркемесин ачыңыз же жүктөп алыңыз.
- "Которуулар → Башка өлкөгө" бөлүмүнө өтүңүз.
- Өзбекстан өлкөсүн тандаңыз.
- Акча алуучунун Uzum Bank, Humo же Uzcard картасынын номерин киргизиңиз.
- Которула турган сумманы көрсөтүп, операцияны ырастаңыз.
Бул кызмат үч негизги артыкчылыкты айкалыштырат:
- комиссиянын жоктугу,
- каражаттардын заматта түшүшү
- которуунун жөнөкөйлүгү.
Смартфондон операцияны аткаруу үчүн акча алуучунун картасынын номерин билүү жетиштүү.
DemirBank тиркемеси аркылуу Uzum Bank, Humo жана Uzcard карталарына акчаны комиссиясыз жана заматта которуңуз!
Кызмат тууралуу кененирээк маалыматты DemirBankтын расмий сайтынан алыңыз.